Загрузка документа…
ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин кезектеги 3 - сессиясы
2024-жылдын 17-июлундагы № 3-5
“Жайыт акы төлөмүн бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жайыт жөнүндө” мыйзамына ылайык жана жайыт комитетинин төрагасы Дж.Орозакуновдун билдирүүсүн угуп, карап, талкуулап Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊеши токтом кылат:
1. Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жайыт акы төлөмү төмөнкүдөй бекитилсин:
1).Бодо малга бир башка -60 сом
2).Жаш бодо малга бир башка -48 сом
3).Жылкы бир башка -60сом
4). Кой-эчкиге бир башка -12 сом
2.Токтомдун аткарылышы жайыт комитетинин төрагасы Дж. Орозакуновко тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет,финансы,экономика жана инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
4.Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 21.02.2024ж. №28/1-5- токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төраганын орун басары А.К.Курманбеков