Загрузка документа…
ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин кезектеги 3 - сессиясы
2024-жылдын 17-июлундагы № 3-6
“Жайыт комитетинин бюджетин жана жайыттарды пайдаланууга
байланышкан ички эрежелерди бекитүү”
Кыргыз Республикасынын “Жайыт жөнүндө” мыйзамына ылайык жана жайыт комитетинин төрагасы Дж.Орозакуновдун билдирүүсүн угуп, карап, талкуулап Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊеши токтом кылат:
байланышкан төмөндөгүдөй ички эрежелерди бекитилсин:
- Жайыттарды пайдалануу үчүн төмөндөгүдөй төлөм белгиленсин:
1 баш кой(эчки) баласы – 12сом, бодо жана жылкыга – 60сом.
- Жайыттарды башка максаттарга пайдалангандыгы үчүн төмөндөгүдөй төлөм
белгиленсин: 1 сотых – 10сом 40тый.
- 1 – апрелден баштап малды жазгы жайыттарда жайууга , жайкы убак – 25 – майдан
тартып башталсын.
- Малды жайлоого өз убагында чыгарбагандыгы үчүн – 5000(беш миң) сом
өлчөмүндө айып төлөө белгиленсин;
2. Күзгү жайыттарга кайтуу 10-октябрдан эрте эмес белгиленсин. Бул эрежелер жайыттарды башкаруу келишимдеринде каралсын. Жайыттардан мөөнөтүнөн мурда кайткан малчыларга 5000(беш миң)сом айып салынат.
3. Ар бир жайыт пайдалануучу менен келишим түзүлсүн. Комиссия курамы менен
биргеликте жайыттарга кирип жаткан малды инвентаризациялоо жасалсын. Бул иш –
чарага жолтоо болгон малчыларга белгиленген мыйзамдуу тартипте административдик
жаза чаралары колдонулсун. Өз алдынча малдын багуу акысын көтөргөн, көчүп –
конуу эрежелерин сактабаган, жайыт акыны убагында төлөбөгөн малчыларга, мал
ээлерине Кыргыз Республикасынын Бузуулар Кодексинин беренелери боюнча (3-
категориясында -5500сом, 4-категориясында – 7500сом) айып салынсын жана өндүрүлүп
алынсын.
4. Инвентаризациянын жүрүшүндө ар бир жашырылган мал башына эсептелген өлчөмдө
айып салынсын: 1 баш кой (эчки) – 100сом, 1 баш бодо же жылкыга – 500сом.
5. Жайыт жерлерге уюлдук антенналарды орноткон уюлдук агенттер менен жайыт
комитети келишим түзүп, көрсөтүлгөн сумманы Жайыт комитетинин эсептик счетуна
түшүрүү жагы милдеттендирилсин.
6.Белгиленген жерлерге таштанды таштоого уруксаат берилет. Жайыт комитетинин
уруксаатысыз таштанды чыгаруу үчүн бир унаага эсептелген өлчөмдө – 5000сом айып
салынат.
7. Жайыт пайдалануучу тараптагы чабандарга төмөндөгүдөй эмгек акы белгиленсин:
- 150 сом – 1 баш кой (эчки), -500 сом – бодо жана жылкыга.
8. Жайыт мезгилине ылайык короо жайларда – 1 баш бодо мал жана 1 баш жылкы
калтырууга уруксат берилсин.
9. Токтомду аткаруу жагы башчы Б.Байгазаковко жана жайыт комитетинин төрагасы
Дж. Орозакуновко тапшырылсын.
10.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жагы транспорт, курулуш, байланыш,
өндүрүш, ишмердикти өнүктүрүү, жер, агрардык реформа жана айыл чарба
продукциясын кайра иштетүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
11.Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ
ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын
жергиликтүү Кеӊешинин 21.02.2024ж. №28/1-5- токтомунун негизинде мамлекеттик
тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төраганын орун басары А.К.Курманбеков