ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин кезектеги 3 - сессиясы
2024-жылдын 17-июлундагы № 3-7
Ж.Абдрахманов айыл аймагында турак жай-коммуналдык чарбаларын бириктирүү жана 2024 - жылга иш-планын бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021- жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 27-беренесине ылайык жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Байгазаков Б. билдирүүсүн угуп, карап, талкуулап Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊеши токтом кылат:
- Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын турак жай-коммуналдык чарбаларыбириктирилсин.
- Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын турак жай-коммуналдык чарбаларынын төрагасы жана иш-пландары бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
- Токтомду аткаруу жагы башчы Б.Байгазаковко жана финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы З.Аттоевага милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
- Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 21.02.2024ж. №28/1-5- токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төраганын орун басары А.К.Курманбеков