ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин кезектеги 3 - сессиясы
2024-жылдын 17-июлундагы № 3-8
Орто-Өрүктү айылынын тургуну Касымов Талант Султангазиевичтин бала бакча курууга 0,20га жер тилкесин өткөрүп берүү жөнүндө арызын карап, Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байгазаковдун маалыматын, сунушун угуп, талкуулап Жусуп Абдрахманов жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
- Орто-Өрүктү айылындагы Мойт аке №12 (ИК 2-03-13-1002-0567) дарегинде жайгашкан 0,20га жер тилкесин акысыз негизде айыл өкмөтүнүн балансасына алынсын.
- Орто-Өрүктү айылындагы Мойт аке №12 (ИК 2-03-13-1002-0567) дарегинде жайгашкан 0,20га жер тилкесине бала бакча куруу иш - чараларын уюштуруу(документация) жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байгазаковко милдеттендирилсин.
- Токтомду аткаруу жагы башчы Б.Байгазаковко жана финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы З.Аттоевага милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
- Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 21.02.2024ж. №28/1-5 - токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төраганын орун басары А.К.Курманбеков