ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин кезексиз 4 - сессиясы
2024-жылдын 26-июлундагы № 4-4
“Жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө”
Ж.Абдрахманов айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин төрагасы Орозакунов Дж. билдирүүсүн угуп жана талкуулапЖ.Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
- ЗАО “Альфа Телеком” компаниясына MEGA уюлдук байланышын жакшыртуу максатында антенна – фидер жабдууларын орнотууга Чоң-Өрүктү айылынын №785 контурунан жалпы аянты -16(он алты)м2 жер тилкеси келишимдин негизинде бөлүнүп берилсин.
- Токтомду аткаруу жагы башчы Б.Байгазаковко жана келишим түзүү жагы жайыт
пайдалануучулардын бирикмесинин төрагасы Орозакунов Дж. милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, байланыш, өндүрүш, ишмердикти өнүктүрүү, жер, агрардык реформа жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
- Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 21.02.2024ж. №28/1-5- токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төраганын орун басары А.К.Курманбеков