Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 15-январы № 10
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-августундагы № 398 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык кызматын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык кызматынын ишин регламенттөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-августундагы № 398 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык кызматын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык кызматы жөнүндө жободо:
- 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык изилдөө, талдоо, баалоо жана экспертиза жүргүзүү боюнча мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү.";
- 11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык изилдөө, талдоо, баалоо жана экспертиза жүргүзүү боюнча мамлекеттик кызматтарды көрсөтөт;".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 17-январындагы № 3 (3659) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |