Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 11-январы № 7
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Товарларды импорттоодо кошумча нарк салыгын шарттуу эсептөө режимин колдонууну регламентациялоо, төлөм системасын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 67-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 869 "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-1-пункттун биринчи абзацындагы "жана/же QR-кодун" деген сөздөр "жана улуттук стандарттын QR-кодун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 1-2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 628 "Турукташтыруу режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пунктта "жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине" деген сөздөр алып салынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 84 "Иштин түрлөрү боюнча патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:
"3) 2024-жылдын 1-ноябрына чейин колдонуу мөөнөтү менен жеке ишкердик жана жеке эмгек иши 3-тиркемеге ылайык.";
2) 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын:
"4) ушул токтом менен бекитилген иштин түрлөрү боюнча патенттин негизинде салыктын базалык суммасынан алып салынган иштин айрым түрлөрү алардын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин иштейт.";
3) ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 3-тиркеме менен толукталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 99, 100, 120, 125, 302 жана 324-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Товарлардын импортуна кошумча нарк салыгын шарттуу эсептөө режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жободо:
- 5-пункттун 4, 5-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) ушул режимге ылайык импорттолгон товарларды экспорттоодо ТЭИТН кодун он орундуу белгинин жана ченем бирдигинин деңгээлинде өзгөртүүсүз көрсөтүүгө;
5) товарларды экспорттоодо эсеп-фактураны жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте тариздөөгө.";
- 22-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22. Экспорт 180 күндүн ичинде ырасталбаган учурда салык төлөөчүнүн ырасталбаган жеткирүү боюнча кыйыр салыктарды төлөө боюнча салыктык милдеттенмеси пайда болот.
Товарлардын экспорту белгиленген мөөнөттө ырасталбаган жана/же салык төлөөчү депозиттик каражаттарды кайтарууга арыз бербеген же/жана ушул Жобонун 5-пунктунун 4-пунктчасы сакталбаган жана/же КНС төлөнгөндүгү ырасталбаган учурда депозиттик эсепке төлөнгөн импортко КНСтин суммасы салык мыйзамдарына жана бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык туумду эсептөө менен бюджетке которулат.
Ушул пункттун экинчи абзацында көрсөтүлгөн учурлар ушул Жобонун 13-пунктуна ылайык төлөнгөн депозит менен камсыздалган милдеттенмелерди аткарбоо болуп эсептелет.".
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 67, 330-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында туруктуу мекеменин белгилери жок чет өлкөлүк уюмдан алынган чет өлкөлүк валютаны эсепке алуу тартибинде:
- 10-пункт "казак теңгеси" деген сөздөрдөн кийин ", кытай юаны" деген сөздөр менен толукталсын.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 193 "Контролдук-кассалык машиналарды киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пунктта:
- 3-пунктчада "1-январынан" деген сөздөр "1-июлунан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-пунктчада "2025-жылдын 1-январынан" деген сөздөр "2026-жылдын 1-апрелинен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Өзүнүн ишинин спецификасына же жайгашкан жеринин өзгөчөлүгүнө жараша контролдук-кассалык машиналарды колдонбостон акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзө алган субъекттердин тизмесинде:
- 3-пункттун таблицасынын 4-пунктунда "1-январына" деген сөздөр "1-июлуна" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-пунктта "2024-жылдын 1-ноябрына" деген сөздөр "2025-жылдын 1-апрелине" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 220 "Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды эсепке алуу жана контролдоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пунктта:
- 3-пунктчада "2024-жылдын 1-ноябрынан" деген сөздөр "2025-жылдын 1-апрелинен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) 2027-жылдын 1-январынан тартып:
- ата мекендик өндүрүштөгү тигүү продукциясын өндүрүүнү жана/же сатууну жүзөгө ашыруучу субъект, ошол продукцияга гана карата;
- юридикалык жакты түзбөстөн өздүк өндүрүштөгү өсүмдүктөрдөн жана жаныбарлардан алынган айыл чарба продукциясын кайра иштетүү продукттарын жүгүртүү боюнча өз ишин жүзөгө ашыруучу дыйкан (фермердик) чарба;";
2) 3-пунктта:
- 2, 3-пунктчалар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) "Эсептен чыгаруу" операциясын милдеттүү түрдө аткаруу менен электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды тариздебестен товарларды жеткирүүгө укуктуу:
- 2025-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө - ушул токтомдун 2-пунктунун 3-пунктчасында көрсөтүлгөн субъекттин дарегине жеткирүүлөр жүргүзүлгөн учурда;
- 2027-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө - өсүмдүк жана жаныбарлардан алынган айыл чарба продукциясын өстүрүү үчүн арналган товарларды жеткирүү жана иштетип алма чийки затты кайра иштетүү продуктусун ушул токтомдун 2-пунктунун 4-пунктчасынын үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн субъекттин дарегине жеткирүү жүргүзүлгөн учурда;
3) ушул токтомдун 2-пунктунун 4-пунктчасынын үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн, товарлардын акциздик топторун жана идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү маркаланууга тийиш болгон товарларды сатуу учурунда ушул токтомдун 1-тиркемесинде белгиленген тартипте электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонууга милдеттүү.";
- төмөнкүдөй редакциядагы 4-пунктча менен толукталсын:
"4) товарлардын идентификациялоо коддорун (анын ичинде топтук таңгактарды идентификациялоо коддорун, транспорттук таңгактарды идентификациялоо коддорун) көрсөтпөстөн калкка товарларды жеткирүүдө эсептен чыгаруу документин 2026-жылдын 1-апрелине чейин түзүүгө укуктуу.";
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонуу жана түзүү тартибинде:
- 4-пунктта:
2 пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) өздүк өндүрүштөгү өсүмдүк жана жаныбарлардан алынган айыл чарба продукциясын жеткирүүдө же/жана которуштурууда, мындай продукцияны кайра иштетүү продукттарынан тышкары жана юридикалык жакты түзбөстөн дыйкан (фермердик) чарбасы тарабынан жана иштетип алма чийки затты өткөрүп берүүдө;";
төмөнкүдөй мазмундагы 16, 17-пунктчалар менен толукталсын:
"16) өсүмдүк жана жаныбарлардан алынган айыл чарба продукциясын өстүрүү үчүн арналган товарларды юридикалык жакты түзбөстөн дыйкан (фермердик) чарбанын дарегине жеткирүүдө;
17) иштетип алма чийки затты кайра иштетүү продуктусун юридикалык жакты түзбөстөн дыйкан (фермер) чарбасынын дарегине өткөрүп берүүдө.";
- 9-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын:
"5) өздүк өндүрүштөгү өсүмдүк жана жаныбарлардан алынган айыл чарба продукциясын кайра иштетүү продуктуларынан тышкары, юридикалык жакты түзбөстөн жана мындай продукцияны сатуу менен алектенген дыйкан (фермердик) чарбасын.";
- 27-пункттун 7-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) ушул Тартиптин 4-пунктунун 5, 6, 11, 13, 14, 15, 16-пунктчаларында көрсөтүлгөн товарларды жеткирүү;";
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын каталогун колдонуу тартибинде:
- 5-пункттун биринчи абзацында "ыйгарым укуктуу салык органына" деген сөздөр алып салынсын;
- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Ушул Тартиптин 4-пунктунда көрсөтүлгөн субъекттер берген маалыматтар товарларды товарлардын каталогуна киргизүү эрежелеринде белгиленген талаптарга ылайык келген учурда, товар уникалдуу идентификаторду ыйгаруу менен товарлардын каталогуна киргизилет.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-пункт менен толукталсын:
"6-1. Товарлардын каталогуна киргизилген товар жөнүндө маалыматтарды өзгөртүүгө ушул товарды пайдалануу менен таризделген документтер жок болгон шартта өзгөртүүлөрдү киргизүүгө өтүнмө берүү жолу менен жол берилет.";
- 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Товарларды деактивациялоо өндүрүүчүнүн, даярдоочунун же импорттоочунун кайрылуусунун негизинде же ушул Тартиптин 8-пунктунда көрсөтүлгөн учурлар пайда болгондо жүзөгө ашырылат.".
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 455 "Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички рыногунда бааларга убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгон социалдык маанилүү товарлардын тизмегинде:
- 16-пункт "чөп" деген сөздөн кийин ", кебек" деген сөздөр менен толукталсын.
9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 179 "Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункттун 2-пунктчасынын үчүнчү абзацында "2025-жылдын 1-январына" деген сөздөр "2026-жылдын 1-апрелине" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы № 497 "Киреше салыгын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Киреше салыгын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүн аныктоо тартибинде:
- 2-пунктта:
1-пунктчада "Кыргыз Республикасынын райондору жана шаарлары боюнча орточо айлык эмгек акынын өлчүмүн" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын райондору жана шаарлары боюнча орточо айлык эмгек акынын өлчөмүн ("Кумтөр" кенинде иш жүргүзгөн ишканалардан тышкары)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-пунктчада "5-1-статьянын 2-пунктунда" деген сөздөр "5-1-статьясында" деген сөздөргө алмаштырылсын.
11. Төмөнкүлөрдү кошпогондо, бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет:
1) 2-пунктту, ал 2023-жылдын 29-майынан тартып күчүнө кирет;
2) 3 жана 8-пункттарды, алар 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет;
3) 6, 7 жана 9-пункттарды, алар 2024-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кирет;
4) 10-пунктту, ал 2024-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
|
|
| "3-тиркеме |
2024-жылдын 1-ноябрына чейин колдонуу мөөнөтү менен жеке ишкердик жана жеке эмгек иши үчүн патенттин негизиндеги салыктын базалык суммасы
№ | Иштин түрүнүн аталышы | ЭИМК боюнча коду | Салыктын базалык суммасы (30 күнгө сом менен) |
1. Жеке ишкердик иши | |||
1 | Жыгачты иштетүү, карагайларды жана ламинатты тилүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр - 1 станок үчүн | 16.10.0 | 500 |
2 | Коомдук тамактануу түйүндөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрү: |
|
|
а) заводдордо, мамлекеттик мекемелерде, кеңселерде жана жогорку окуу жайларында кызмат көрсөткөн ашканалар жана буфеттер (1 стол үчүн) | 56.29.0 | 1000 | |
б) мектептерде жайгашкан (ар бир 1000 окуучу үчүн) | 56.29.0 | 4000 | |
3 | Кыймылсыз мүлктү жалдоо, ижарага берүү |
|
|
1 кв.м үчүн турак эмес аянт | 68.20.0 | 50 | |
4 | Материалдарды компьютер жана ксерокөчүрмө менен иштеп чыгуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр (тексттерди терүү, басып чыгаруу, сканерлөө) | 82.19.0 | 1000 |
2. Жеке эмгек иши | |||
5 | Атайын медициналык техниканы оңдоо жана техникалык тейлөө | 33.13.2 | 1000 |
6 | Кайра пайдаланылуучу чийки затты алуу үчүн калдыктарды үйдөн кабыл алуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр: |
|
|
а) металлдын сыныгын | 38.32.0 | 10000 | |
б) айнек идиштерди | 500 | ||
в) макулатураны | 1000 | ||
г) желим (полиэтилен) буюмдарды | 5000 | ||
7 | Үйлөрдөгү аянты 100 кв.м чейинки жеке мончолордун кызмат көрсөтүүлөрү (аянтына жана жайгашкан жерине жараша) | 96.04.0 | 10000 |
8 | Жерде жүрүүчү транспорт иши |
|
|
курулуш техникасынын (автокран, экскаватор, автомиксер, бульдозер, цемент ташыгыч, башка курулуш техникасы) кызмат көрсөтүүлөрү | 43.99 | 8000 | |
".