Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Учкун айыл аймагынын айылдык кеңешинин II кезексиз сессиясы
2024-жылдын 4-декабры №2
Учкун айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебиндеги каражаттан 2025-жылдын планына ылайык пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №203 токтому менен бекитилген “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө Жобонун” 19-пунктуна ылайык жана Учкун айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бектуровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Учкун айылдык кенеши токтом кылат:
1. Төмөндөгү долбоорлор ишке ашыруу үчүн жактырылсын:
- Куланак айылындагы А.Орозакунов атындагы паркын капиталдык ондоодон өткөрүү сметалык наркы 1 1197 070 (он бир миллион бир жүз токсон жети мин жетимиш) сом.;
- Учкун айыл аймагынын Куланак айылына Жаштар аллеясын куруу жалпы суммасы -4904,8 (төрт миллион тогуз жүз токсон төрт миң сегиз жүз) сом;
- Учкун айыл аймагынын Учкун айылына кичи футбол аянтчасын куруу өткөрүү сметалык наркы-4 244 300 (төрт миллион эки жүз кырк төрт миң үч жүз) сом;
- Жылан-Арык айылындагы машыктыруучу жайды капиталдык ондоодон өткөрүү сметалык наркы-8 975 400 (сегиз миллион тогуз жүз жетимиш беш миң төрт жүз) сом.;
- Учкун айыл аймагынын Жылан-Арык айылына окуучулар аллеясын куруу (жалпы суммасы -6 998 800 (алты миллион тогуз жүз токсон сегиз миң сегиз жүз) сом;
- Учкун айыл аймагына эксковатор жана тралл алуу сметалык наркы -16 302 000 (он алты мин үч жүз эки миң) сом;
- Учкун айылындагы Э.Токсобаев орто мектебинин №1 “В” корпусунда жайгашкан ашкананы жана күрөш залын капиталдык ондоо жалпы сумма - 3 145 750 (үч миллион жүз кырк беш миң жети жүз элүү) сом;
- Куланак айылындагы автогаражды капиталдык ремонттон өткөрүү (сметалык наркы -2 049 400 (эки миллион кырк тогуз мин төрт жүз) сом.
2. Тиешелүү акча каражаты өздүк салым катары 2025-жылдын бюджетинен жана калдык акча каражаттарынан артыкчылыктуу негизде бөлүнүп берилсин:
- Куланак айылындагы А.Орозакунов атындагы паркты капиталдык ондоого -1197 070 (бир миллион бир жүз токсон жети мин жетимиш) сом;
- Учкун айылына кичи футбол аянтчасын капиталдык ондоого -163 200 (бир жүз алтымыш үч мин эки жүз ) сом;
- Учкун айылындагы Э.Токсобаев орто мектебинин №1“В” корпусунда жайгашкан ашкананы жана күрөш залын капиталдык ондоого -3 145 700 (ъч миллион бир жъз кырк беш мин эки жүз ) сом;.
- Жылан-Арык айылындагы машыктыруучу жайды капиталдык ондоого - 4487 700 (төрт миллион төрт жүз сексен жети мин жети жүз ) сом;
- Куланак айылындагы автогаражды капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча - 49 900 (кырк тогуз мин тогуз жүз) сом.
3. Долбоорлорду тиешелүү талптарга ылайык ишке ашыруу жагы Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бектуровго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, өнүктүрүү, коомдук уюмдар, жергиликтүү жамааттар жана ММК менен байланыш боюнча туруктуу комиссияга (төрайымы Н. Жумалиева) жүктөлсүн.
5. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, http://uchkun.gov.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
.Төрага | Б. Кайыпов |
2