Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 21-январы № 20
Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагынын Говсувар айылы Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагынын Орто-Боз айылы деп кайра аталсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Раззаков шаарынын Чимген айылы Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Раззаков шаарынын Чымкен айылы деп кайра аталсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Раззаков шаарынын Голбо айылы Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Раззаков шаарынын Алтын-Бешик айылы деп кайра аталсын.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагынын Маданият айылы Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагынын Айбике айылы деп кайра аталсын.
5-берене.
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагынын Кыргызстандын 50 жылдыгы айылы Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагынын Миң-Жыгач айылы деп кайра аталсын.
6-берене.
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагынын Чапаев айылы Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагынын Арча-Бешик айылы деп кайра аталсын.
7-берене.
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл аймагынын Дыйкан айылы Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл аймагынын Чоко-Бий айылы деп кайра аталсын.
8-берене.
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районунун Жерге-Тал айыл аймагы Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районунун Эсеналы Дайракунов айыл аймагы деп кайра аталсын.
9-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айыл аймагы Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Рыспай Абдыкадыров айыл аймагы деп кайра аталсын.
10-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Жалпак-Таш айып аймагынын Киров айылы Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын Кенжебай айылы деп кайра аталсын.
11-берене.
Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Айтматов районунун Аманбаев айыл аймагынын Куру-Маймак айылы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Айтматов районунун Аманбаев айыл аймагынын Сатыкей айылы деп кайра аталсын.
12-берене.
Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Манас районунун Покровка айыл аймагы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Манас районунун Семетей айыл аймагы деп кайра аталсын.
13-берене.
Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Манас районунун Покровка айыл аймагынын Покровка айылы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Манас районунун Семетей айыл аймагынын Семетей айылы деп кайра аталсын.
14-берене.
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районунун Чым-Коргон айыл аймагынын Новомихайловка айылы Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районунун Чым-Коргон айыл аймагынын Бообек айылы деп кайра аталсын.
15-берене.
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл аймагы Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Кожомкул айыл аймагы деп кайра аталсын.
16-берене.
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл аймагынын Военно-Антоновка айылы Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Кожомкул айыл аймагынын Кожомкул айылы деп кайра аталсын.
17-берене.
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ысык-Ата айыл аймагынын Горная Серафимовка айылы Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ысык-Ата айыл аймагынын Кебек-Бий айылы деп кайра аталсын.
18-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 24-январындагы № 5 (3661) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |