Загрузка документа…
ЧУЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 28-ноябры № 1/5
Жергиликтүү курултайды өткөрүү жана уюштуруу тууралуу
Чүй айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Г.Д.Абдылдаеванын “Элдик Курултайды” өткөрүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын сунуштарын жана толуктоолорун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Чүй айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй айыл өкмөтүндө жергиликтүү курултайды өткөрүү жана уюштуруу боюнча комиссиянын курамы №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жергиликтүү курултайды өткөрүүнүн графиги №2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жергиликтүү курултайды өткөрүүнүн иш-чаралар планы №3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү курултайга Чүй айылынан 50 адам, Садовое айылынан 30 адам, Арал айылынан 20 адам катышсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу ишин өзүмө калтырам.
Төрага |
| А.Ы. Ысманов |
|
| Чүй айылдык кеңешинин 28.11.2024-ж._№1/5 Токтому менен бекитилген №1-тиркеме Төрага_________ |
Жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жыйындардын графиги
№ | Айылдын аталышы | Күнү | Убактысы | Дареги |
1 | Арал | 4.12.2024-ж. | 10-00 | Арал орто мектеби |
2 | Садовое | 4.12.2024-ж. | 13-00 | Маданият үйү |
3 | Чүй | 5.12.2024-ж. | 10-00 | №2-орто мектеби |
Элдик курултайга делегаттарды шайлоонун графиги
№ | Айылдын аталышы | Күнү | Убактысы | Дареги |
1 | Чүй | 7.12.2024-ж. | 11-00 | №2 орто мектеби |
|
| Чүй айылдык кеңешинин 28.11.2024-ж._№1/5 Токтому менен бекитилген №2-тиркеме Төрага_________ |
Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссиянын курамы:
Комиссиянын төрагасы – А.Ы.Ысманов-Чүй айылдык кеңешинин төрагасы;
Комиссиянын катчысы – Г.Д. Абдылдаева - Чүй айылдык кеңешинин
жооптуу катчысы;
Комиссиянын мүчөлөрү:
1. С.Джанузакова – Чүй айылдык кеңешини депутаты;
2. А.Иманалиева – Чүй айылдык кеңешинин депутаты;
3. Н.Бозджигитов– Садовое айылынын башчысы;
4. М.Бердыбаев – Арал айылынын башчысы
5. С.Таалайбеков– Чүй айыл өкмөтүнүн башчынын о.б.- жооптуу катчы;
6. Б.Усубалиева– Чүй айылдык кеңешинин депутаты;
7. Д.Асанкулов– Чүй айылдык кеңешинин депутаты;
8. Э.Осмоналиев-Чүй айылынын тургуну .
9. Нураалы уулу Б.- Чүй айылынын тургуну
|
| Чүй айылдык кеңешинин 28.11.2024-ж._№1/5 Токтому менен бекитилген №3-тиркеме Төрага_________ |
Жергиликтүү Курултайды өткөрүүнүн
иш-чаралар планы
1 | Жергиликтүү Курултайды өткөрүү боюнча жарандарга маалымат берүү | 2024-жылдын 1-ноябрынан баштап | Чүй айыл өкмөтү |
2 | Жер-жерлерде өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү жана Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо | 2024-жылдын 2–5- декабрына чейин бекитилген календардык планга ылайык | Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комиссиялары |
3 | Жергиликтүү жыйындардын, жергиликтүү курултайдын протоколдорун чогултуп жалпылоо
| 2024-жылдын 6-декабрына чейин | Чүй айылдык кеңеши, Чүй айыл өкмөтү |
4 | Элдик Курултайдын делегатын шайлоо | 2024-жылдын 7-декабры | Чүй айылдык кеңеши, Чүй айыл өкмөтү. |
5 | Элдик курултайдын делегаты жөнүндөгү маалыматты уюштуруу комитетине жөнөтүү | 2024-жылдын 9-декабрына чейин | Чүй айылдык кеңеши, уюштуруу комитети. |