Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 20-январы № 15
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Кодекстин бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 63-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"63-берене. Автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалардан өтүү үчүн жыйымдан бошотуу
Автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалардан транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымды төлөөдөн бошотуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 24-январындагы № 5 (3661) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |