Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин I- чакырылышынын кезектеги ХХХIII сессиясынын
2024-жылынын 08-августу №9
« Базар-Коргон шаар аймагындагы бош жана кароосуз жаткан жер
аянтарды мэриянын муниципиалдык менчик реестрине киргизүү жөнүндө».
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктун, 45-беренесинин 1-пунктун, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 9-беренесинин 3-пунктун аткарууга алып, Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновдун каттарына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XХХIII-сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон шаар аймагындагы бош жана кароосуз жаткан жер тилкелерин жана аянттарын мэриянын муниципиалдык менчик реестрине тиркемелерге ылайык киргизилсин. Тиркеме №1, Тиркеме №2 тиркелет.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жана Базар-Коргон шаар мэриясына караштуу муниципиалдык менчикти башкаруу департаментинин башчысы Н.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Мирзахмедовго милдеттендирилсин.
Төрага: | К.К. Анарбеков. |
Базар-Коргон шаардык кеңешинин I – чакырылышынын кезектеги XXXIII -сессиясынын №9- токтому менен “08” август 2024-жыл |
Базар-Коргон шаардык аймагынын атуулдарынын арыздары Базар-Коргон районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жер тилкесинин планы, Кыргыз Республикасынын Айыл суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон филиалынын корутундуларынын негизинде Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундуларын эске алып Базар-Коргон шаардык мэриясынын балансына алынган муниципалдык менчиктеги жер тилкелеринин Реестринин тизмеси
П/№ | Жер участогунун түрү(обьект,өзүнчө жайгашкан участок жана башкалар) |
Жайгашкан орду | Укук белгилөөчү документ (акт жер участогун бөлүү жөнүндө) | Идентификациялык сырбелгиси жана башка мааалымат | Аянты (м2) | Жер участогунун багыты (айыл-чарба багытындагы эмес, курулуш куруу үчүн. ж. б.) | Эскертүү |
1 | Муниципалдык жер тилке | Базар-Коргон шаары Б.Осмонов көчөсүндөгү Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын күн чыгыш тарабындагы жер тилкеси | КР Жер кодексинин 4-ст.3-п | ------ |
486,0 | Калктуу конуш | Базар-Коргон шаардык мэриясынын тапшырмасынын негизинде |
2 | Муниципалдык жер тилке | Базар-Коргон шаары А.Текебаев көчөсүндөгү май алмаштыруучу ишкананын түштүк тарабындагы жер тилкеси | КР Жер кодексинин 4-ст.3-п | ------ |
259,0 | Калктуу конуш | Базар-Коргон шаардык мэриясынын тапшырмасынын негизинде |
Департамент башчысы: Н.Мамбеталиев
Базар-Коргон шаардык кеңешинин I – чакырылышынын кезектеги XXXIII -сессиясынын №9- токтому менен “08” август 2024-жыл |
Базар-Коргон шаардык аймагынын атуулдарынын арыздары Базар-Коргон районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жер тилкесинин планы, Кыргыз Республикасынын Айыл суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон филиалынын корутундуларынын негизинде Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундуларын эске алып Базар-Коргон шаардык мэриясынын балансына алынган муниципалдык менчиктеги жер тилкелеринин Реестринин тизмеси
П/№ | Жер участогунун түрү(обьект,өзүнчө жайгашкан участок жана башкалар) |
Жайгашкан орду | Укук белгилөөчү документ (акт жер участогун бөлүү жөнүндө) | Идентификациялык сырбелгиси жана башка мааалымат | Аянты (м2) | Жер участогунун багыты (айыл-чарба багытындагы эмес, курулуш куруу үчүн. ж. б.) | Эскертүү |
1 | Муниципалдык жер тилке | Базар-Коргон шаары А.Текебаев көчөсүндөгү жер тилкеси борбордук базардын радиоузелинин жолунда | КР Жер кодексинин 4-ст.3-п | ------ |
18,0 | Калктуу конуш | Базар-Коргон шаардык мэриясынын тапшырмасынын негизинде |
2 | Муниципалдык жер тилке | Базар-Коргон шаары Т.Алыкулов көчөсүндөгү жер тилкеси Бешик-Жон заправкасынын жаны | КР Жер кодексинин 4-ст.3-п | ------ |
252,0 | Калктуу конуш | Базар-Коргон шаардык мэриясынын тапшырмасынын негизинде |
3 | Муниципалдык жер тилке | Базар-Коргон шаары А.Текебаев көчөсүндөгү жер тилкеси (Азия маг жаны) | КР Жер кодексинин 4-ст.3-п | ------- |
285,5 | Калктуу конуш | Базар-Коргон шаардык мэриясынын тапшырмасынын негизинде |
Департамент башчысы: Н.Мамбеталиев