Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин I- чакырылышынын кезектеги ХХХIII сессиясынын
2024-жылынын 08-августу №10
« Мамлекеттик менчикте турган, аянты 3632,0 чарчы метр участогун Базар-Коргон шаарынын мэриясынын муниципиалдык менчик реестрине киргизүү жөнүндө».
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктун, 45-беренесинин 1-пунктун, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 9-беренесинин 3-пунктун, Кыргыз Республикасынын Министлер Кабинетинин 26-июль 2024-жылдагы №425 сандуу токтомун аткарууга алып, Базар-Коргон шаар мэринин орун басары Ш.Сагыновдун катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XХХIII-сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон шаарында жайгашкан (идентификациялык код 3-02-02-0008-0319), мамлекеттик менчикте турган, аянты 3632,0 чарчы метр участогун Базар-Коргон шаар мэриясынын муниципиалдык менчигине автомобиль жолун куруу үчүн белгиленген тартипте өткөрүп берүүгө жана жер участогун муниципалдык менчикке кабыл алууга тиркемеге ылайык макулдук берилсин. Тиркеме №3 тиркелет.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жана Базар-Коргон шаар мэриясына караштуу муниципиалдык менчикти башкаруу департаментинин башчысы Н.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Мирзахмедовго милдеттендирилсин.
Төрага: | К.К. Анарбеков. |
Базар-Коргон шаардык кеңешинин I – чакырылышынын кезектеги XXXIII -сессиясынын №10- токтому менен “08” август 2024-жыл |
Базар-Коргон шаардык аймагынын атуулдарынын арыздары Базар-Коргон районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жер тилкесинин планы, Кыргыз Республикасынын Айыл суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон филиалынын корутундуларынын негизинде Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундуларын эске алып Базар-Коргон шаардык мэриясынын балансына алынган муниципалдык менчиктеги, жер тилкесинин Реестринин тизмеси
П/№ | Жер участогунун түрү(обьект,өзүнчө жайгашкан участок жана башкалар) |
Жайгашкан орду | Укук белгилөөчү документ (акт жер участогун бөлүү жөнүндө) | Идентификациялык сырбелгиси жана башка мааалымат | Аянты (м2) | Жер участогунун багыты (айыл-чарба багытындагы эмес, курулуш куруу үчүн. ж. б.) | Эскертүү |
1 | Муниципалдык жер тилке | Базар-Коргон шаарына караштуу Б.Осмонов жана Т.Сайдуллаев көчөлөрүн туташтырган Альтирнативдик жолдун жер тилкеси | КР Жер кодексинин 4-ст.3-п | ------ |
3632,0 | Базар-Коргон шаардык мэриясынын тапшырмасынын негизинде |
Департамент башчысы: Н.Мамбеталиев