Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин I- чакырылышынын кезектеги ХХХIII сессиясынын
2024-жылынын 08-августу №11
« Базар-Коргон шаар аймагындагы жеке менчик жер аянтарынын багытын өзгөртүү жөнүндө».
Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 12-беренеси, 18-беренелерин аткарууга алып, Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмонов, Базар-Коргон шаар мэринин орун басары Т.Исаевдин каттарына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XХХIII-сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон шаарынын М.Сулайманов көчөсүндөгү К.Шергазиевага таандык 540,0 чарчы метр турак жай багытындагы там аркасын коммерциялык багытындагы объектик курулушуна (сода дүкөн) курууга өзгөртүп берүүгө жана Б.Осмонов көчөсүнүн тургуну Б.Мадаминовго таандык дареги боюнча жайгашкан административдик имарат алдындагы жер аянты 1811,0 чарчы метрди түзгөн жер тилкесин турак жай багытындагы объектилердин курулушуна өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жана Базар-Коргон шаар мэриясына караштуу муниципиалдык менчикти башкаруу департаментинин башчысы Н.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Мирзахмедовго милдеттендирилсин.
Төрага: | К.К. Анарбеков. |