Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 20-январы № 16
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагынын Таштак айылы Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагынын Малкалды айылы деп кайра аталсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Э.Алиев айыл аймагынын Параканда айылы Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Э.Алиев айыл аймагынын Баракелде айылы деп кайра аталсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Ормон-Хан айыл аймагынын Большевик айылы Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Ормон-Хан айыл аймагынын Баялы Исакеев айылы деп кайра аталсын.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Бакай-Ата районунун Акназаров айыл аймагынын Ынтымак айылы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Бакай-Ата районунун Акназаров айыл аймагынын Шадыкан айылы деп кайра аталсын.
5-берене.
Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Манас районунун Кыргызстан айыл аймагынын Новодонецк айылы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Манас районунун Кыргызстан айыл аймагынын Айтматов айылы деп кайра аталсын.
6-берене.
Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас районунун Беш-Таш айыл аймагынын Козучак айылы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас районунун Беш-Таш айыл аймагынын Жанкороз Олуя айылы деп кайра аталсын.
7-берене.
Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас районунун Беш-Таш айыл аймагынын Балбал айылы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас районунун Беш-Таш айыл аймагынын Жаныбек Баатыр айылы деп кайра аталсын.
8-берене.
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айыл аймагынын Чоң-Арык айылы Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айыл аймагынын Сыйдалы айылы деп кайра аталсын.
9-берене.
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кыдыр Аке айыл аймагынын Теплоключенка айылы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кыдыр Аке айыл аймагынын Ак-Суу айылы деп кайра аталсын.
10-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 24-январындагы № 5 (3661) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |