Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 11-январы № 8
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасында пайдалануучуга багытталган санариптик платформаларды жана сервистерди ишке киргизүү жана санариптик кызматтарды көрсөтүүнүн инновациялык ыкмаларын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелеринде:
- 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоо сервиси - Интернет маалыматтык-коммуникациялык тармагы аркылуу транспорт каражаттарын жана аларга карата менчик укуктарын кайра каттоого байланышкан арыздарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана кароо процесстерин автоматташтыруу үчүн арналган Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы/"Түндүк" мобилдик тиркемеси же төлөм уюмдарынын башка санариптик инструменттери;
сатуучу - жеке жак - транспорт каражатынын ээси;
сатып алуучу - төлөөнү жүзөгө ашыруучу жана транспорт каражатын сатып алуучу болуп саналган жеке жак;
адис - арыздарды кароого жана транспорт каражаттарын жана аларга карата менчик укуктарын кайра каттоого ыйгарым укуктуу транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкери;
"Транспорт каражаттарынын регистри" АМС - транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын автоматташтырылган маалыматтык системасы;
"Face ID" бетти таануу сервиси - адамдын ким экендигин ырастоо максатында аны идентификациялоо үчүн бетти таануунун биометриялык технологиясы;
электрондук колтамга - электрондук формадагы маалымат, ал электрондук формадагы башка маалыматка кошулган жана (же) аны менен логикалык байланышкан жана анын атынан маалыматка кол коюлган адамды аныктоо үчүн колдонулат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 12-глава менен толукталсын:
"12. Транспорт каражаттарын жана аларга карата менчик укуктарын онлайн режиминде мамлекеттик кайра каттоо тартиби
89. Транспорт каражатын онлайн-кайра каттоо кызматтарын алуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоо сервисине кирүү мүмкүнчүлүгүн алууга жана "Face ID" бетти таануу сервиси аркылуу авторизациялоо үчүн аралыктан идентификациялоодон өтүүгө тийиш.
90. Сатуучу жана сатып алуучу транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоо сервиси аркылуу транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоого арыз берет.
91. Транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоо төмөнкү учурларда мүмкүн:
- Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза-процесстик жана жарандык-процесстик мыйзамдарына ылайык, ошондой эле нотариалдык конторалардын, банктык жана күрөөлөр боюнча башка уюмдардын каттары жана кабарлоолору боюнча транспорт каражатына карата тыюу салуу же чектөөлөр болбогондо;
- транспорт каражаты каттоо документтерине жана менчик укугун күбөлөндүрүүчү башка документтерге ылайык келгенде;
- агрегаттардын номерлери берилген каттоо документтерине ылайык келгенде жана транспорт каражатына коюлган маркалоону өзгөртүү же аны жок кылуу белгилери болбогондо;
- "Транспорт каражаттарынын регистри" АМСте жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айыптар жана туумдар боюнча транспорт - каражатынын ээсинин карыздары жөнүндө маалыматтар болбогондо;
- транспорт каражатына салыктык карыз болбогондо.
Ушул Тартип кандайдыр бир оорлотуулардан бошотулган транспорт каражаттарына жайылтылат. Мында аныкталган оорлотууларды алып салууну сатуучу жүргүзөт.
92. Сатуучу жана сатып алуучу бир транспорт каражатын кайра каттоодо транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоонун бир эле сервисин колдонууга милдеттүү (Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы/"Түндүк" мобилдик тиркемеси же башка санариптик инструменттер).
93. Сатуучу транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоо сервисинде транспорт каражатын кайра каттоо үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- сатуучунун ким экендигин ырастоо максатында "Face ID" сервиси аркылуу идентификациялоодон өтүү;
- "Транспорт каражаттарын кайра каттоо" кызматтарын тандоо;
- сатуучунун менчигинде бир нече транспорт каражаттары бар болгон учурда тизменин ичинен ажыратылып жаткан транспорт каражатын тандоо;
- эгерде сатуучу никеде турганда сатып алынган транспорт каражатынан ажыратып жатса, анда жубайы транспорт каражатынан ажыратууга макулдугун берүү үчүн транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоо сервисинде онлайн-идентификациялоодон өтүүсү зарыл;
- кайра катталып жаткан транспорт каражатынын наркын көрсөтүү;
- сатып алуучунун жеке идентификациялык номерин киргизүү.
Алдынкы капталдагы айнектерин күңүрттөөгө уруксаты болгон учурда уруксатты транспорт каражатынын жаңы ээсине өткөрүп берүүгө жол берилет.
94. Транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоо сервисинде каттоо арызынын электрондук формасы толтурулгандан кийин автоматтык режиминде сатуу-сатып алуу келишими генерацияланат, ал сатуучу тарабынан ага электрондук колтамга коюлат жана транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоо сервиси аркылуу сатып алуучуга кабарлоо менен жөнөтүлөт.
95. Сатып алуучу транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоо сервисинде транспорт каражатын кайра каттоо үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
- сатып алуучунун ким экендигин ырастоо максатында "Face ID" сервиси аркылуу идентификациялоодон өтүү;
- транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүн тандоо;
- автомототранспорт каражаттарына цифралардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоо номердик белгилерин жана энчилүү мамлекеттик каттоо белгилерин сатуу боюнча ыйгарым укуктуу органда сатып алынган сертификат болгондо сертификаттын номерин көрсөтүү;
- транспорт каражатын сатуу-сатып алуу келишимине электрондук колтамга аркылуу кол коюу;
- транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктү жана мамлекеттик каттоо номердик белгилерин алуудан мурда транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга фотого тартуу менен визуалдуу кароо үчүн транспорт каражатын көрсөтүү;
- кайра каттоо үчүн, атайын бланктык продукция жана мамлекеттик каттоо номердик белгилери үчүн кызматтардын наркын төлөө. Төлөм электрондук формада жүргүзүлөт.
Төлөө системасынын оператору төлөө фактысын ырастаганда арыз жана сатуу-сатып алуу келишими транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоо сервиси аркылуу "Транспорт каражаттарынын регистри" АМСке жөнөтүлөт.
96. Арыз "Транспорт каражаттарынын регистри" АМСке жөнөтүлгөндөн кийин кабыл алуу датасын жана убактысын көрсөтүү менен транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан арыз кабыл алынгандыгы жөнүндө сатуучуну жана сатып алуучуну транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоо сервиси автоматтык режимде кабарлайт.
97. Транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоо транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган мөөнөттө жумуш убагында ишке ашырылат.
98. Адис арызды кабыл алган учурдан тартып транспорт каражаттарын жана аларга карата менчик укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдө төмөнкүлөргө милдеттүү:
- транспорт каражатынан ажыратуу боюнча келишимди күбөлөндүрүү;
- сатып алуучуга транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктү жана транспорт каражатына мамлекеттик каттоо номердик белгисин берүү.
99. Электрондук колтамга коюлган жана транспорт каражатын сатуу-сатып алуу келишимдин тараптары кол койгон электрондук арызды алгандан кийин транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган сатып алуучуга транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктү жана мамлекеттик каттоо номердик белгисин берет.
100. Сатып алуучу транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүндө колдонуудагынын ордуна транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктү, ошондой эле транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номердик белгисин алууга укуктуу.
101. Электрондук формада кызматтарды көрсөтүү процессинде берилген маалымат (анын ичинде жеке маалыматтар) санкцияланбаган кирүүдөн, жок кылуудан, бурмалоодон, блок коюудан, чыгып кетүүдөн жана жеке максаттарда, ошондой эле ушул Тартипке каршы келген максаттарда колдонуудан корголууга тийиш.
102. Келишим боюнча тараптар онлайн-кайра каттоонун алкагында аларга белгилүү болгон маалыматка санкцияланбаган кирүүсү жана жайылткандыгы үчүн "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
103. Сатуучу жана сатып алуучу транспорт каражатын онлайн-кайра каттоодо берилген документтердин аныктыгы жана маалыматтарды киргизгендиги үчүн жеке жоопкерчилик тартат.".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 394 "Транспорт каражаттарын жана аларга карата менчик укуктарын онлайн режимде мамлекеттик кайра каттоо боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 17-январындагы № 3 (3659) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 11-январы № 8
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын
23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын,
түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери
жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 17-январындагы № 3 (3659) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |