Редакцияот 16.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 16-январы № 17

Юридикалык жактын фирмалык аталышында колдонууга

жол берилбеген диний мүнөздөгү сөздөрдүн, терминдердин жана

алардын аныктамаларынын тизмегин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 89-статьясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Юридикалык жактын фирмалык аталышында колдонууга жол берилбеген диний мүнөздөгү сөздөрдүн, терминдердин жана алардын аныктамаларынын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети кун өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 21-январындагы № 4 (3660) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.А. Касымалиев