Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 15-январы № 14
Окумуштуулук даражасы үчүн үстөктөрдү белгилөө жөнүндө
Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларга дем берүү жана колдоо максатында, "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2025-жылдын 1-январынан тартып илимий, илимий-педагогикалык кызматкерлерге, профессордук-окутуучулук курамга, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлерине негизги иштеген жери боюнча эмгек акысына ар айлык үстөктөр төмөнкүдөй белгиленсин:
1) илимдин доктору окумуштуулук даражасы үчүн - 2700 сом өлчөмүндө;
2) илимдин кандидаты, философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор окумуштуулук даражалары үчүн - 1350 сом өлчөмүндө.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) эгерде кызматкер бир эле убакта илимдин кандидаты, илимдин доктору жана философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор окумуштуулук даражаларына ээ болсо, үстөк даражалардын бири үчүн гана эсептелет, ошол эле учурда илимдин доктору окумуштуулук даражасы үчүн төлөнөт деп;
2) үстөк бюджеттен каржылануучу мекемелердин кызматкерлерине тиешелүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен, чарбалык эсептик уюмдарда - өздүк каражаттарынын эсебинен төлөнөт деп.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-июлундагы № 492 "Илимий даражасы үчүн үстөктөрдү белгилөө жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-февралындагы № 87 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-июлундагы № 492 "Илимий даражасы үчүн үстөктөрдү белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-мартындагы № 122 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-июлундагы № 492 "Илимий даражасы үчүн үстөктөрдү белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-июлундагы № 492 "Илимий даражасы үчүн үстөктөрдү белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому .
4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |