Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин I- чакырылышынын кезектеги ХХХIV сессиясынын
2024-жылынын 29-августу №1
« Базар-Коргон шаарына караштуу Ат-Көл участкасындагы 666000,0 сомго бааланган 335,0 чарчы метр коро сарай жер тилкеси, Сай-Коргон участкасындагы 35350731,0 сомго бааланган 1,20 гектар жер аянты,Совет айылындагы 11179000,0 сомго бааланган 0,20 га жер аянты жана Совет айылы Ленин көчөсүндөгү 6227000,0 сомго бааланган 760,0 чарчы метр жер тилкелерин мэриянын муниципиалдык менчик реестрине кабыл алуу жөнүндө».
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктун, 45-беренесинин 1-пунктун, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 9-беренесинин 3-пунктун аткарууга алып, Базар-Коргон шаар мэриясына караштуу муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин башчысы Н.К.Мамбеталиевдин катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XХХIV-сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон шаарына караштуу Ат-Көл участкасындагы 666000,0 сомго бааланган 335,0 чарчы метр коро сарай жер тилкеси, Сай-Коргон участкасындагы 35350731,0 сомго бааланган 1,20 гектар жер аянты,Совет айылындагы 11179000,0 сомго бааланган 0,20 га жер аянты жана Совет айылы Ленин көчөсүндөгү 6227000,0 сомго бааланган 760,0 чарчы метр жер тилкелери Базар-Коргон шаардык мэриясынын муниципиалдык менчик реестрине кабыл алынсын.Тиркелет №1 тиркеме.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жана Базар-Коргон шаар мэриясына караштуу муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин башчысы Н.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Мирзахмедовго милдеттендирилсин.
Төрага: | К.К. Анарбеков. |
Базар-Коргон шаардык кеңешинин I – чакырылышынын кезексиз XXXIV -сессиясынын №1- токтому менен “29” август 2024-жыл |
Базар-Коргон райондук мамлекеттик админстрация башчысы-акимдин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары,мекеме,ишканалардын жетекчилери,токой чарбалардын жана Дашман мамлекеттик коругунун директорлору менен өткөргөн жыйынынын 13-август 2024-жылдагы №10 протоколун аткаруу максатында.
Протоколдук тапшырмада Базар-Коргон райондук прокуратурасынын 2024-жылдын 15-июлундагы чыгыш №24/166-07-11/00739 сандуу сунуштамасы, Базар-Коргон шаардык мэриясынын тапшырмасы , Базар-Коргон шаардык Кеңешинин депутаттарынын агрардык туруктуу комиссиясынын корутундулары негизенде Базар-Коргон шаардык мэриясынын балансына алынган муниципалдык менчиктеги жер тилкелери Реестринин Долбоору.
П/№ | Жер участогунун түрү(обьект,өзүнчө жайгашкан участок жана башкалар) |
Жайгашкан орду | Укук белгилөөчү документ (акт жер участогун бөлүү жөнүндө) | Идентификациялык сырбелгиси жана башка мааалымат | Аянты (м2)/ балансалык баасы сом | Жер участогунун багыты (айыл-чарба багытындагы эмес, курулуш куруу үчүн. ж. б.) | Эскертүү |
1 | Муниципалдык жер тилке | Базар-Коргон шаары Сай-Коргон участкасындагы жер тилке | КР Жер кодексинин 4-ст.3-п | ------ | 12000,0м2 35350731,0 сом
| Айыл чарба багытындагы жер тилке | Базар-Коргон шаардык мэриясынын тапшырмасы негизенде |
2 | Муниципалдык жер тилке | Базар-Коргон шаары Т.Алыкулов көчөсүндөгү жер тилкеси | КР Жер кодексинин 4-ст.3-п | ------ |
2000,0 м2 11178000,0 сом |
Кара-Үнкүр дарыясынын суу фондунун коргоо коргоо зонасында жайгашкан | Базар-Коргон шаардык мэриясынын тапшырмасы негизенде |
3 | Муниципалдык жер тилке | Базар-Коргон шаары Совет айылы Ленин көчөсүндөгүА.Текебаев көчөсүндөгү жер тилкеси (азиянын жаны) | КР Жер кодексинин 4-ст.3-п | ------ |
760,0 м2 6227000,0 сом | Калктуу конуш | Базар-Коргон шаардык мэриясынын тапшырмасы негизенде |
4 | Муниципалдык жер тилке | Базар-Коргон шаары Ат-Көл участкасындагы коро сарайдын жер тилкеси. | КР Жер кодексинин 4-ст.3-п | ------ |
335,0 м2 666000,0 сом | Коро сарай | Базар-Коргон шаардык мэриясынын тапшырмасы негизенде |
Департамент башчысы: Н.Мамбеталиев