Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-январындагы № 17 токтому менен бекитилди) |
Юридикалык жактын фирмалык аталышында колдонууга
жол берилбеген динин мүнөздөгү сөздөрдүн, терминдердин жана
алардын аныктамаларынын тизмеги
Абу Ханифа | - | ханафий мазхабынын негиздөөчүсү, ислам дин аалымы |
Авеста | - | зороастрийлердин ыйык китеби |
Адвентисттер | - | Иса пайгамбардын акыр заманда келүүсун күткөн, Адвентизм диний кыймылын улантуучулар |
Ади Грантх | - | сикхизмдеги ыйык китеп |
Азраил | - | жан алуучу периште |
Арз мавуд | - | иудаизмде ыроолонгон жер |
Армагеддон | - | акыр заманда боло турган улуу согуш |
Ахит | - | христиан дининдеги Библиянын биринчи бөлүгү |
Ахриман | - | зороастризмдеги жаман рухтар кудайы |
Ахура Мазда | - | зороастризмдеги жогорку кудай |
Ашура | - | исламдагы Мухаррам айынын онунчу күнү |
Биат | - | убадага бекем болуу, кол алышуу менен бекемделет |
Библия | - | христиан дининдеги ыйык жазуу |
Брахман | - | индуизмдеги ааламдын жаратуучусу |
Будда | - | буддизмдин негиздөөчүсү |
Важиб | - | исламдагы милдеттүү аткарыла турган өкүмдөрдүн бири |
Валаят | - | ыйыктыктын руханий макамы |
Вафтиз | - | сууга чөмүлдүрүү аркылуу христиан динин кабыл алуу жөрөлгөсү |
Вакф | - | мусулман укугунда мамлекет же жеке адам тарабынан диний же кайрымдуулук максатында берилгең мүлк |
Гатха | - | Заратуштра тарабынан жазылган китеп |
Гинза | - | сабейлердин ыйык китеби |
Гуру | - | сикхизмдеги руханий лидерлер |
Дахма | - | зороастризмдеги өлүктү таштай турган жер |
Дианетика | - | саентологияда жан менен дененин аң-сезим аркылуу өз ара аракеттенүүсү жөнүндө китеп |
Диофизит | - | Исанын инсандык жана кудайлык кош табиятына ишенүү |
Евхаристия | - | христиан динине тиешелүүлүктүн сырдуулугу |
Жебреил | - | - пайгамбарларга аянды жеткирген периште |
Иоанн | - | Христостун апостолдорунун бири |
Жахаба | - | Жахаба күбөлөрүнүн кудайынын ысымы |
Жихад | - | исламда ишеним үчүн салгылашуу |
Забур | - | Дауд пайгамбарга түшүрүлгөн ыйык китеп |
Зухд | - | Аллах үчүн кечилдик жашоо кечирүү |
Икона (сыйынуу предмети) | - | христиан дининде кудайдын, ыйыктын же ыйыктардын боёк менен тартылган картина түрүндөгү ыйык сүрөтү |
Евангелие (Инжил) | - | Исага түшүрүлгөн ыйык китеп |
Инкарнация | - | христиан дининде рухтун, жандын материалдык денеге айлануусу |
Инфак | - | исламдагы кайрымдуулук кылуу |
Ирфан | - | мистикалык тажрыйба аркылуу руханий илим алуу |
Исрафил | - | кыямат күндө сурнай тартуучу периште |
Ихлас | - | Аллахка чын пейилден ибадат кылуу |
Ихсан | - | кудай көрүп жаткандай ибадат кылуу |
Йом Кипур | - | еврейлердин Күнөөдөн арылуу күнү |
Карма | - | чыгыш диндеринде жасаган жоруктар үчүн кайрым |
Католицизм | - | христиан дининдеги үч башкы багыттын бири |
Кипа | - | еврейлердин баш кийими |
Собор (Консил) | - | христиан диний ишмерлеринин чогулушу |
Кошер | - | иудаизмде уруксат берилген предметтер жана тамак-аш |
Крещение (Чокундуруу) | - | суу аркылуу христиан динин кабыл алуу жөрөлтөсү |
Кришна | - | индуизмдеги куткаруучу кудай |
Макрух | - | исламдагы кылынуусу жактырылбаган амалдар |
Мессия (Масих) | - | динге ишенгендердин куткаруучусу |
Матуриди (Абу Мансур аль- Матуриди) | - | матуридий мектебинин негиздөөчүсү |
Махр | - | никелешүү учурунда эркек аялына бере турган белек |
Махрам | - | исламда никелешүүгө уруксат берилбеген жакын тууган |
Микаил | - | табият кубулуштарын башкарган периште |
Миллепиум | - | христиан дининде акыр заманга чейинки миң жылдык бактылуу жашоо |
Миссионер | - | динди жайылтуучу адам |
Монах | - | диний коомдун кечилдик жашоо кечирүүгө убада берген мүчөсү |
Мубарак | - | берекелүү, куттуу |
Мунзавий | - | обочо жашаган адам |
Мунит | - | Муна сектасынын мүчөсү |
Муслим | - | ислам динин тутунган адам |
Мута | - | шииттерде убактылуу никелешүү |
Мухажир | - | Меккеден Мединага ислам үчүн көчүп баргандар |
Мухтади | - | туура жолду тапкан адам |
Нанак (Гуру Нанак) | - | сикхизм дининин негиздөөчүсү |
Нафил (Напил) | - | исламдагы ыктыярдуу амалдар |
Нирвана | - | чыгыш диндеринде жогорку абал |
Опус Деи | - | католик диний кыймылы |
Ортодокс | - | христиан дининин ири багыттарынын бири |
Павел (Пабыл) | - | Христостун апостолдорунун бири |
Пасха | - | Христостун кайрадан тирилүүсүн эскерүү майрамы |
Патриарх (Патрик) | - | чиркөөнүн диний лидери |
Поп | - | христиан дин ишмери |
Протестантизм | - | XVI кылымда келип чыккан христиан багыты |
Рейки | - | руханий энергияга байланышкан диний агым |
Рош ха-Шана | - | еврейлердин Жаңы жылы |
Сабий | - | Гинза китебине таянган динди улантуучулар |
Саентология | - | Рон Хаббард негиздеген диний окуу |
Сажда | - | исламда ибадат кылуу учурунда чекени жерге тийгизүү |
Сакофат | - | араб тилинен которгондо маданият дегенди түшүндүргөн термин |
Сакрамент | - | христиан дининдеги негизги жөрөлгөлөр |
Самсара | - | чыгыш диндеринде кайра жаралуу цикли |
Саошьянт | - | зороастризмде кыяматка жакын келе турчу куткаруучу |
Сатья Саи Баба | - | Саи Баба диний кыймылынын негиздөөчүсү |
Силсила | - | рухий билимди улантуучу мураскорлук |
Синагога | - | иудейлердин сыйынуу жайы |
Саввов (Сооп) | - | кудай тарабынан жакшы иштер үчүн ыйгарылуучу сыйлыктар |
Суккот | - | иудейлердин шалаш майрамы |
Тавассуль | - | кудайга ортомчу аркылуу кайрылуу |
Тагут | - | жалган кудайлар жана сыйынуу объекттери |
Тазкия | - | жан дүйнөнү кемчиликтерден арылтуу |
Таяммум | - | суу жок болгон учурда топурак менен даарат алуу |
Такыйя | - | өзүн сактап калуу үчүн ишенимди жашыруу |
Талит | - | иудаизмде сыйынуу учурунда жамынган кийим |
Талмуд | - | иудаизмдин диний мыйзамдарын жөнгө салуучу ыйык текст |
Танасух | - | өлгөндөн кийин жандын башка денете өтүүсү |
Танах | - | иудаизмдеги ыйык жазуу |
Дао (Тао) | - | Ааламдагы нерселердин табигый тартиби |
Үчилтик (Таслис) | - | Үчилтик кудай: Ата, Уул жана Ыйык рух жөнүндө окуу |
Таухид | - | жалгыз Кудайга болгон ишеним |
Тафаккур | - | - ой жүгүртүү, талдоо жана талкуу |
Тафсир | - | - Куранды чечмелөөгө багытталган илим |
Тфилин | - | - сыйынууда колдонулуучу, Тоораттан алынган тексттер жазылган кичинекей кутучалар, сыйынуу учурундагы кийимдин элементи болуп саналат |
Тора (Тоорат) | - | - Муса пайгамбарга берилген ыйык жазуу |
Тотем | - | - ыйык маани ыйгарылган объекттер же заттар |
Трипитака | - | - буддизмдин үч бөлүктөн турган ыйык жазуу |
Увей | - | - даосизмде кечилдик жашоо кечирүү |
Унанайана | - | - индуизмге кабыл алуу жөрөлгөсү |
Апостолдор (Хаварий) | - | Иса пайгамбардын алгачкы шакирттери |
Хаж | - | - Зуль-хижа айында Меккеге зыярат кылуу |
Хадис | - | - Мухаммед пайгамбардын насааттары |
Халиф | - | - ислам коомчулугун башкарууда пайгамбардын мураскору |
Халифат | - | - исламдык мамлекет |
Хахам | - | - иудаизмдеги диний лидер |
Химар | - | - исламда аялдар үчүн башьша салынуучу жоолук |
Христос | - | - христиан дининдеги куткаруучу |
Церковь (Чиркөө) | - | - христиандардын сыйынуучу жайы |