Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 16-январы № 16
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32, 37, 45, 47-беренелерине, "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 8, 11-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинде:
- 8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 12-пунктча менен толукталсын:
"12) Кыргыз Республикасынын калкын протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыз кылуу тартиби жөнүндө жобону.";
- 11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 11-14-пунктчалар менен толукталсын:
"11) кан аркылуу берилүүчү вирустук гепатиттерге каршы эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча профилактикалык эмдөөлөрдү жүргүзүү тартибин;
12) социалдык маанилүү оорулардын тизмесин;
13) жактырылган дары препараттары менен дарылануусу натыйжасыз болуп саналган, өмүргө коркунуч туудурган оорулардан жапа чеккен бейтаптар үчүн эксперименттик дары каражаттарын пайдалануу программаларынын (боорукердик менен пайдалануу программаларынын) алкагында көмөк көрсөтүү тартибин;
14) эрте диагностикалоону жана скринингдик изилдөөлөрдү жүргүзүү тартибин.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 21-январындагы № 4 (3660) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |