Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 21-январы № 22
"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2024-жылдын 19-январы, № 5) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин дайындоо саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилик кызмат орундарына кадрлар резервинен дайындоо жүргүзүлөт.
Мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилик кызмат орундарына кадрлар резервинен дайындоо тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
б) 4 жана 5-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүүнүн жана анын иштөөсүнүн, саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин дайындоонун жана аларды аттестациядан өткөрүүнүн тартиби, шарттары Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
5. Мамлекеттик жана муниципалдык менчик формаларындагы саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчиси кызмат ордуна 5 жылдык мөөнөткө дайындалат. Мамлекеттик жана муниципалдык менчик формаларындагы саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси бир эле уюмдун жетекчилик кызмат ордуна катары менен эки мөөнөттөн ашык дайындала албайт.
Мамлекеттик жана муниципалдык менчик формаларындагы саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси жана бөлүм башчысы жеке менчик формасындагы саламаттык сактоо уюмдарында иштөөнү врачтык практика менен айкалыштыра албайт.
Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн талаптарды мамлекеттик жана муниципалдык менчик формаларындагы саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин же бөлүм башчысынын аткарбоосу аларды 10 жумуш күндүн ичинде ээлеген кызмат ордунан бошотууга алып келет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 24-январындагы № 5 (3661) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|