ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМУ
Ысык-Ата айылдык Кенешинин 28-чакырылган кезектеги ХV (он бешинчи) сессиясы
2023-жылдын 30-январындагы № 97/ХIV-28
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин иш-планы жөнүндө
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн айылдык Кенешке жайыт комитетинин иш-планы жөнүндө кайрылуусун жана Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 4-беренесине ылайык, жайыт жерлерин үнөмдүү пайдалануу үчүн төмөндөгүдөй акы төлөмүн бекитүү тууралуу Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кабыл алат:
1. Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 4-беренесинин негизинде Ысык-Ата айыл аймагында төмөндөгүдөй жайыт акы бекитилсин:
-бодо малга ар бир башына 60(алтымыш)сом Уй, торпок 1900
-жылкыларга ар бир башына 60(алтымыш)сом Жылкы 1500
-кой эчкилерге ар бир башына 12 (он эки)сом Кой-эчки 12100
-жалпы чогулуучу малдан,жайыт акысы 349200 (үч жүз кырк тогуз миң эки жүз миң сом өлчөмүндө
-ар бир мал сарайга бекитилип берилген 1(бир) га жерге 2000( эки мин)сом өлчөмүндө төлөнсүн.
-бал челектерди кармоо(бир бал челеке) 50(элүү)сом ( бир айды кошпогондо )
-туризм жана жараандардын эс алуусу үчүн, топчан коюга жана боз үй тигүүгө 0.01га жерге 200 (эки жүз) сом.
-чөп чабык катары колдонуу үчүн 0.01га жерге 10 сом
2. Жайыт комитетинин төрагасынын айлык маянасы 5000(беш мин)сом.Транспорт чыгымдары (ГСМ) бир жылга 40,0 (кырк миң)сом. канцелярдык чыгым жылына 10000(он мин)сом бекитилсин.
1. Жайыт комитетинин төрагасы Т.Алчинбаевдин “Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин иш-планы жөнүндө” кайрылуусу жана маалыматы көңүлгө алынсын жана бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Ысык-Ата айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Т.Алчинбаевге жүктөлсүн.Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага |
| Ж.Бейшекеев |