Редакцияот 24.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (СЕГИЗИНЧИ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКТЕГИ XIX СЕССИЯСЫ

 

2023-жылдын 24-октябрындагы № 19/4

 

Кара-Суу шаарындагы Мектеп көчөсүнүн атын өзгөртүү жөнүндө

 

Кара-Суу шаарынын №6 кварталдык комитетинин тургундарынын арызынын жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө» Мыйзамынын негизинде Кара-Суу шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ

 

1. Кара-Суу шаарынындагы Мектеп көчөсүнүн аты “Келдибек Жороев” атындагы көчө деп атоого мыйзам чегинде уруксат берилсин.

 

2. “Келдибек Жороев” атындагы көчөнү таза кармоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, жакшы абалда кароо жана аты өзгөрүлгөндүгүнө байланыштуу келип чыккан чыгымдарды көтөрүү жагы шейх Келдибек Жороевдин үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу Кара-Суу шаар мэриясына, көзөмөлдөө Кара-Суу шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Кара-Суу шаардык

кеңешинин төрагасы

 

 

А.О.Назаров