Редакцияот 14.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 10 -сессиясы

 

2023-жылдын 14-июнундагы № 10-2

Айылдык кеңешинин 2023-жылдын 18-апрелиндеги 7-чакырылышынын 9-сессиясында кабыл алынган № 9-8-токтомуна толуктоолор киргизүү боюнча Пахта–Арал айылынын тургуну Абидова Севарахандын сурап жазган арызын кароо жөнүндө

Айылдык кеңешинин 2023-жылдын 18-апрелиндеги 7-чакырылышынын 9-сессиясында С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Пахта-Арал айылынын Х.Абдуллаев, М.Закиров, Жаммий көчөлөрүнүн тургундарынан жана №1 “Радуга” балдар бакчасынын жамаатынан айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абураимовго, Пахта-Арал айылында жайгашкан “Радуга” балдар бакчасын аталышын өзгөртөп, балдар бакчасын негиздөөчүсү жана себепчиси маркум Мухарамхон Тилавалдиеванын ысмын ыйгаруу жөнүндөгү арызы боюнча № 9-8-токтому кабыл алынган. Кабыл алынган токтомго №1 Мухарамхон Тилавалдиева атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму мекемеси деп жазып, толуктоолор киргизүү жөнүндөгү Абидова Севарахандын сурап жазган арызын С. Юсупова айылдык кеңешинин социалдык-маданий, укук-тартип, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.08.2008-жылдагы №467 сандуу токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталыш өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндөгү» Жобонун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 15.07.2022-жылдагы №387 сандуу токтомунун редакциясына ылайык 12,19-пунктун жетекчиликке алып,

С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:

 

ТОКТОМ

 

1. С. Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Пахта-Арал айылында жайгашкан №1 “Радуга” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесин аталышын өзгөртүп, аталган уюмдун негиздөөчүсү жана себепчиси №1 Мухарамхон Тилавалдиева атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму мекемеси деп аталып, толуктоолор киргизилсин.

2. С. Юсупова айыл өкмөтүнө өзүнүн укуктук-ченемдик актыларында ушул токтомдон келип чыккан иш чаралардын негизинде жана электрондук базалык тутумдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө милдеттендирилсин.

3. Пахта-Арал айылында жайгашкан “Радуга” мектепке чейинки билим берүү уюму-мекемесиинин аталышын өзгөртүп, №1 Мухарамхон Тилавалдиева атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму мекемеси деп аталып, толуктоолор киргизилгендигине байланыштуу Араван районундагы бардык мамлекеттик мекемелерге айылдык кеңештин токтомунун көчөрмөсүн жеткирүү жагы С. Юсупова айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

4. Пахта-Арал айылында жайгашкан “Радуга” мектепке чейинки билим берүү уюму-мекемесинин аталышын өзгөртүп,№1 Мухарамхон Тилавалдиева атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму мекемеси деп өзгөртүүгө зарыл болгон бардык каражаттар уулу Султанов Самандардын үй бүлөөсүнүн бюджетин эсебинен карыжылашы белгиленсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин социалдык-маданий, укук-тартип, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысын орун басары Ахматахунов Тга жүктөлсүн.

 

 

С.Юсупова айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Н. Файзуллаев