Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 16-январы ПЖ № 4
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясын которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 96-беренесинин 6-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын сунушу боюнча токтом кылам:
1. Апелляциялык инстанциядагы соттордун ишин күчөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Сабырова Жыпар Жумадиловна Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунан ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө судьянын ыйгарым укуктарын андан ары жүзөгө ашыруу үчүн Жалал-Абад облустук сотуна которулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |