С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 10-сессиясы
2023-жылдын 14-июнундагы № 10-6
Айыл өкмөтүнүн башчысы Абдураимов Н айыл өкмөтүнүн аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Араван айылынын Б.Айдаров көчөсүндөгү жаңы көпүрөгө, Б.Айдаров жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишине (төрт көчөгө) светафор орнотууга маакулдук сурап, кайрылган билдирүүсүн кароо жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн башчысы Абдураимов Н айыл өкмөтүнүн аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Араван айылынын Б.Айдаров көчөсүндөгү жаңы көпүрөгө, Б.Айдаров жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишине (төрт көчөгө) светафор орнотууга маакулдук сурап, айылдык кеңешке кайрылган билдирүүсү угулуп. Айылдык кеңеши Араван айылынын Б.Айдаров көчөсүндөгү жаңы көпүрөгө, Б.Айдаров жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишине (төрт көчөгө) светафор орнотууга боюнча депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Айыл өкмөтүнүн аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Араван айылынын Айдаров көчөсүндөгү жаңы көпүрөгө,(бир даана Б.Айдаров жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишине (төрт көчөгө бир даана) светафор орнотууга маакулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Араван айылынын Айдаров көчөсүндөгү жаңы көпүрөгө,(бир даана Б.Айдаров жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишине (төрт көчөгө бир даана) светафор орнотууга сарпталуучу акча каражаты айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинин кошумча кирешелердин эсебинен карыжылансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнө жана айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Р.Базарбаевге.
С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
Н. Файзуллаев |