С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 10-сессиясы
2023-жылдын 14-июнундагы № 10-7
Кыргыз Республикабыздын бюджети эсебинен Айыл өкмөтүнүн аймагындагы Каррак айылынын М.Закиров көчөсүнүн 1050 мт жолуна асфальт бастыруу иштерин айылдык кеңеши тарабынан колдоого алуу жөнүндө
Кыргыз Республикабыздын бюджети эсебинен Айыл өкмөтүнүн аймагындагы Каррак айылынын М.Закиров көчөсүнүн 1050 мт жолуна асфальт бастырууда азыркы күндө айыл өкмөтү тарабынан аткарылып жаткан иштери боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Абдураимов Ндин маалыматы угулуп. Айылдык кеңеш тарабынан бул ишти колдоп, кубатоо боюнча депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Кыргыз Республикабыздын бюджети эсебинен Айыл өкмөтүнүн аймагындагы Каррак айылынын М.Закиров көчөсүнүн 1050 мт жолуна асфальт бастыруу иштери колдоого алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы Каррак айылынын М.Закиров көчөсүнүн 1050 мт жолуна асфальт бастырууга керектелүүчү документ иштерин даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн тийиштүү адистерине жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысын орун басары Ахмтахунов Тга жүктөлсүн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
Н. Файзуллаев |