Редакцияот 14.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 10-сессиясы

 

2023-жылдын 14-июнундагы № 10-9

Айылдык кеңешинин 2023-жылдын 18-апрелиндеги 7-чакырылышынын 9-сессиясында кабыл алынган № 9-5- токтомуна толктоолор киргизүү боюнча Араван айылынын Ленин көчөсүнүн тургуну Абдуразаков Зохиджондын сурап жазган арызын кароо жөнүндө

Айылдык кеңешинин 2023-жылдын 18-апрелиндеги 7-чакырылышынын 9-сессиясында кабыл алынган № 9-5-токтомуна толктоолор киргизүү боюнча Араван айылынын Ленин көчөсүнүн тургуну Абдуразаков Зохиджондын сурап жазган арызыда Айылдык кеңеш тарабынан Ленин көчөсүндө жайгашкан жеке менчик 1026,0 кв.мт турак жай жер тилкесинин ичинен 288,0 кв мт жер аянтын багытын комерциялык азык-түлүк жана автоунаалардын түтүктөрүн сатуучу дүкөн багытына өзгөртүп берүүгө макулдук берилген. Абдуразаков Зохиджон 288,0мт кв жер аянтын ордуна 487,0 мт кв деп жазып, токтомго толуктоолор киргизүүнү жана кошумча 4 жумушчу иш менен камсыз болуусу туралуу жазган арызы боюнча топтолгон юридикалык документтери каралып чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”нин “Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк обьекттерин долбоорлоо, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн обьекттердин ылайыктуулугун баалоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” 6-август 2021-жылдын №114-токтомунун жетекчиликке алып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып,

С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:

 

ТОКТОМ

 

1. Араван айылынын Ленин көчөсүнүн тургуну Абдуразаков Зохиджон Ленин көчөсүндө жайгашкан жеке менчик 1026,0 кв.мт турак жай жер тилкесинин ичинен 487,0 кв мт жер аянтын багытын комерциялык азык-түлүк жана автоунаалардын түтүктөрүн сатуучу дүкөн багытына өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин деп толуктоолор киргизилсин.

2. Араван айылынын Ленин көчөсүнүн тургуну Абдуразаков Зохиджон Ленин көчөсүндө жайгашкан жеке менчик 1026,0 кв.мт турак жай жер тилкесинин ичинен 487,0 кв мт жер аянтын багытын комерциялык азык-түлүк жана автоунаалардын түтүктөрүн сатуучу дүкөн багытына өзгөртүп берүүдө С.Юсупова айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда жер тилкесин багытын өзгөтүрүп, берүү жагы сунушталсын. Бирок, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен айыл өкмөтү тарабынан бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

 

С.Юсупова айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

 

Н. Файзуллаев