ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 28-ноябры №6
Жаргылчак айыл аймагынын Ак-Терек айылында Аксакалдар санжыра маданий борборун ачуу жөнүндө.
Жаргылчак айыл аймагынын Ак-Терек айылында Аксакалдар санжыра маданий борборун ачууга макулдук берүү максатында Жаргылчак жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
- Ак-Терек айылында Аксакалдар санжыра маданий борборун ачууга макулдук берилсин.
- Ак-Терек айылында Аксакалдар санжыра маданий борборуна “Каракозу ата” Аксакалдар санжыра маданий борбору ысмы ыйгарылсын.
- Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарынын негизинде иш алып баруу жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси М.С.Жаманаковго тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.