Редакцияот 14.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 10-сессиясы

 

2023-жылдын 14-июнундагы № 10-10

Айыл өкмөтүнүн С.Шарипов орто мектебинин директору Юсупова Мнын мектепке кошумча курулуп жаткан имаратына Араван райондук өнүктүрүү фондунан материалдык колдоо көрсөтүү боюнча билдирүүсүн кароо жөнүндө

Айыл өкмөтүнүн С.Шарипов орто мектебинин директору Юсупова Мнын аталган мектеп 1975-жылы 320 окуучуга ылайыкташтырылып курулган болуп, азыркы күндө 1200 окуучу билим алып жатканын окуу бөл мөлөрү жетишсиз болуп, 2022-жылдын сентябрь айында Ата–Энелер жана демөөрчүлөр жардамы менен мектепке кошумча имарат курулуп жаткандыгы жана имаратка кашумча каражат заарылдыгы боюнча айылдык кеңеши тарабынан Араван өнүктүрүү фондунан материалдык жактан колдоо көрсөтүүсүн суроо боюнча билдирүүсүн угуп, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:

 

ТОКТОМ

 

1. Айыл өкмөтүнүн С.Шарипов орто мектебинин директору Юсупова М тарабынан аталган мектепке кошумча имарат куруу боюнча алып барып жаткан иштери колдоого алынсын.

 

2. Араван райондук өнүктүрүү фондусунан С.Шарипов орто мектебине кошумча салынып жаткан имаратына каражат ажыратуу жагы суралсын.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысын орун басары Ахматахунов Тга жүктөлсүн.

 

 

С.Юсупова айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

 

Н. Файзуллаев