Редакцияот 11.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (СЕГИЗИНЧИ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКТЕГИ XV СЕССИЯСЫ

 

2023-жылдын 11-августундагы № 15/2

Кара-Суу шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 7-августундагы №11 протоколдук чечими жөнүндө

 

Кара-Суу шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 7-августундагы №11 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап шаардык кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Кара-Суу шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 7-августундагы №11 протоколдук чечими бекитилсин.

2. 2023-жылдын биринчи жарым жылында өткөрүлгөн жалпы тендерлер боюнча үнөмдөлгөн 2342,3 миң сом жана кошумча киреше 6089,7 миң сом, жалпысы 8432,0 миң сом акча каражатын төмөндөгү иштер үчүн каржылоого уруксат берилсин:

- Көмүр кымбаттап кеткендигине байланыштуу шаардагы билим берүү, мектепке чейинки мекемелерине - 200,0 миң сом;

- Билим берүү, мектепке чейинки мекемелерине е-кызмат маалыматтык тутумун, инфодокс электрондук документ жүгүртүү тутумун ишке киргизүүгө жана айгай сигналын орнотууга 250,0 миң;

- ММБ департаментинин түрдүү чыгымдарына - 292,5 миң сом, автовышканы оңдоого 150,0 миң сом, 90 даана майда байрак, труба үчүн 159,5 миң сом, Бабур, Рахимов орто мектептеринин, К.Жакыпов гимназиясынын, балдардын ден соолугун чыңдоо борборунун жерин изилдөөгө 98,0 миң сом, жалпысы 700,0 миң сом;

- Шаарда эл аралык бизнес форум өткөрүүгө - 250,0 миң сом;

- Эгемендүүлүк майрамын уюшкандыкта өткөрүүгө кошумча – 150,0 миң сом;

- Культурная көчөсүнө асфальт төшөөгө 1448,0 миң сом;

- Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарынын сапар чыгымдары үчүн 350,0 миң сом;

- Манас стадионунун трибунасынын алдындагы жайды оңдоп түзөөгө 1470,0 миң сом;

- Кара-Суу Тазалык муниципалдык ишканасына субсидия 1100,0 миң сом;

- 1 уюлдук телефон сатып алууга 60,0 миң сом;

- Райондук мамлекеттик администрациясынын борбордук аянт тарабын темир тосмо тосууга 500,0 миң сом;

- №134 мектебинин чатырын жабуу иштерин толугу менен аягына чыгарууга 380,0 миң сом;

МЭЗ, Г.Айтиев көчөлөрүнө Ленин көчөсүнө чейин 4 ай бою, күнүнө 2 ирет суу чачууга 500,0 миң сом;

- Департаменттин кыскарган 2 штатынын жоюлгандыгына байланыштуу 2 айлык компенсациясы, контракттын негизинде иштеп жаткан кызматчынын эмгек акысы, электриктин эмгек акысын жогорулатуу жана социалдык төлөмдөрү үчүн жалпысы 464,0 миң сом;

- В.И.Ленин атындагы орто мектебинин чатырынын жараксыз абалга келген бөлүгүн калыбына келтирүүгө 250,0 миң сом;

- К.Жакыпов атындагы зээндүү балдар жатак гимназиясынын окуу корпусунун жана жатаканасынын чатырынын арткы тарабында жаан чачындын суусунун агып чыгуусун уюштуруу үчүн арыктарды жана суу түтүктөрүн орнотууга 360,0 миң сом

3. 2023-жылдын экинчи жарым жылдыгында өткөрүлгөн жалпы тендерлер боюнча үнөмдөлгөн жана кошумча киреше акча каражаты төмөндөгү иштер үчүн каржылансын:

- мектепке чейинки мекемелеринин кеңсе буюмдары үчүн 200,0 миң сомдон жалпысы 600,0 миң сом;

- Кара-Суу Таза-Суу муниципалдык ишканасына субсидия Бөкөнбаев, Батыш көчөлөрүнүн эски суу түтүктөрүн алмаштырууга 115,0 миң сом, Нариман, Рахимов көчөлөрүнүн суу түтүктөрүн алмаштырууга 200,0 миң сом, жалпысы 315,0 миң сом;

- аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү көмүр менен камсыздоо 300,0 миң сом;

- ички көчөлөрдүн жол белгилерин жана жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жол тилкелерин сырдоого 100,0 миң сом;

- Ж.Аматов көчөсүнө балдар ойноочу аянттан корпуска чейинки аралыкка латок төшөөгө 370,0 миң сом;

- Ж.Аматов көчөсүнүн №2,4 көп кабаттуу үйлөрүнүн алдына латок орнотууга 200,0 миң сом;

- Кушбаков көчөсүнүн №12, 24а, 24б үйлөрүнө суюк таштанды төгүүчү жай курууга 500,0 миң сом;

- №13 кварталдык комитетиндеги аймактык тескөөчү жана кварталдык комитетинин төрайымы олтуруучу жайды оңдоого 60,0 миң сом

4. Бул токтомдун аткарылышы шаар мэриясына, көзөмөлдөө шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Кара-Суу шаардык

кеңешинин төрагасы

 

А.О.Назаров