Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 11-январы № 5
Суу ресурстарынын бассейн башкармалыктарын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин суу ресурстарын пайдаланууну башкарууда бассейндик ыкманы киргизүү боюнча талаптарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17, 26-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр түзүлсүн:
1) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Талас суу ресурстарынын бассейн башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси;
2) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Чүй суу ресурстарынын бассейн башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси;
3) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Ысык-Көл - Тарим суу ресурстарынын бассейн башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси;
4) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Нарын - Сыр-Дарыя суу ресурстарынын бассейн башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси;
5) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Кара-Дарыя - Сыр-Дарыя - Аму-Дарыя" суу ресурстарынын бассейн башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 17-тиркемесинде:
- 1-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Суу чарба башкы башкармалыгынын жана суу ресурстарынын бассейн башкармалыгынын административдик-башкаруу персоналы".
3. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги:
1) белгиленген тартипте юридикалык жактарды мамлекеттик каттоодон өткөрсүн;
2) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматына каралган штаттык сандын жана республикалык бюджеттин финансылык каражаттарынын чегинде суу ресурстарынын бассейн башкармалыктарынын иштешин камсыз кылсын;
3) бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 14-январындагы № 2 (3658) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |