Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин I- чакырылышынын кезектеги ХХХIV сессиясынын
2024-жылынын 29-августу №3
« Базар-Коргон шаарына караштуу Падачы Сай участогунан жайыт жеринен турак жай курууга 350,0 гектар жер аянтына, кайракы айдоо фондунун жеринен социальный объект куруу үчүн 8,0 гектар жер аянтына, жайыт жеринен өнөр жайы үчүн 50,0 гектар жер аянттарын трансформациялоого даярдоо үчүн макулдук берүү жөнүндө».
Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 74-беренесинин 1,3-пунктарын аткарууга алып, Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновдун 26.08.2024-жылкы 01-17/1543 чыгыш сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XХХIV-сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон шаарына караштуу Падачы Сай участогунан жайыт жеринен турак жай курууга 350,0 гектар жер аянтына, кайракы айдоо фондунун жеринен социальный объект куруу үчүн 8,0 гектар жер аянтына, жайыт жеринен өнөр жайы үчүн 50,0 гектар жер аянттарын трансформациялоого даярдоо үчүн макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Мирзахмедовго милдеттендирилсин.
Төрага: | К.К. Анарбеков. |