Редакцияот 11.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (СЕГИЗИНЧИ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКТЕГИ XV СЕССИЯСЫ

 

2023-жылдын 11-августундагы № 15/5

Кара-Суу шаарында ичимдик суу түтүгүнө кошулуу наркы жөнүндө

 

“Кара-Суу Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын 2023-жылдын 7-августундагы №64 сандуу катын угуп жана талкуулап шаардык кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Кара-Суу шаарында суу түтүгүнө кошулууга техникалык корутунду алуу наркы элге 2500 (эки миң беш жүз) сом, юридикалык жактарга 3000 (үч миң) сом болуп бекитилсин.

 

2. Бул токтомдун аткарылышы “Кара-Суу Таза-Суу” муниципалдык ишканасына, көзөмөлдөө шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Кара-Суу шаардык

кеңешинин төрагасы

 

А.О.Назаров