Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТТАРЫНЫН XXVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫнын кезектүү XXVI CЕССИЯСЫ
2024-жылдын 30-августундагы № 26/1
Жергиликтүү кеӊештин депутаттарын шайлоого карата Нарын районунун Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинде шайлоо округдарын түзүү жана мандаттардын санын бекитүү үчүн аймактык шайлоо комиссиясына сунуш берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Мыйзамынын 10-беренесине жана 59-1 беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө мыйзамынын 31-беренесине ылайык Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоо боюнча төмөндөгүдөй көп мандаттуу шайлоо округдары түзүлсүн:
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ БОЮНЧА
(5 округ. Калкынын саны 6140, мандаттын саны 21. Анын ичинен аялдар үчүн 8 мандат резерв)
№1 Ийри-Суу шайлоо округу (УШК №4033), мандаттын саны 5. Анын ичинен аялдар үчүн резерв 2.
Дареги:Ийри-Суу айылы Сейденалы ата көч. №48.
Борбору: М.Байдоолотов атындагы орто мектеби.
Чек арасы: Ийри-Суу, Ак-Булун, Төш-Булак айылдарындагы Каден уулу Дуйшоко, Мукаш Батмонкоев, Сейденаалы Ата, Бексултан Бараканов, Кокон Агай, Бабакан уулу Асан, Асырымбек-Ата, Акун-Ата, Акун ата 2, Саркел-Ата, Таабалдиев Эсенкадыр, Бусурманкулов Алманбет, Капысов Адөлөт, Акунов Калык көчөлөрүнүн шайлоочулары кирет.
Шайлоочулардын саны: 993.
№2 Орто-Нура шайлоо округу (УШК №4034), мандаттын саны 6. Анын ичинен 2 мандат аялдар үчүн резерв
Дареги:Орто-Нура айылы Байток ата көч. №39.
Борбору: Чет-Нура айыл өкмөтүнүн имараты.
Чек арасы: Орто-Нура айылы Байток-Ата, Стамбек-Ата, Сапарбай-Ата, Абдыкадыр-Ата, Н.Мүсүрканов, Муртаза ата, Исмаил ата көчөлөрү толук кирет.
Шайлоочулардын саны: 1126
№3 Ак-Кыя шайлоо округу (УШК №4035), мандаттын саны 4. Анын ичинен 2 мандат аялдар үчүн резерв.
Дареги:Ак-Кыя айылы Мамырканов көч. №1.
Борбору: М.Бекмуратов атындагы орто мектеби.
Чек арасы: Ак-Кыя айылы Сабыркул-Ата, Тентигул-Ата, Бактыгул Чыныбеков, Асанакун Мамырканов, Садыбакас-Ата, Бексултан Султанкеримов, Жумакадыр Досмамбетов, К.Мамытов көчөлөрү толук кирет.
Шайлоочулардын саны: 648.
№4 Чет-Нура шайлоо округу (УШК №4168), мандаттын саны 3. Анын ичинен 1 мандат аялдар үчүн резерв
Дареги:Чет-Нура айылы Т.Абдыкаиров көч. №27.
Борбору: Э.Ибраев атындагы айылдык клубу.
Чек арасы: Чет-Нура айылы Абылгазы Айыпов, Сарыгул Омуралиев, Жийдебай Делдешов, Омуралы-Ата, Соодонбек Жали, Жусупаалы Иманалиев, Абас Ашымбаев, Токтомамыт Абдыкаиров көчөлөрү толук кирет. Ошондой эле Орук-Там айылынын Кемелов Жумаш, Токтогон Алымбаев көчөлөрү толук үйлөрү менен айланасындагы кыштоо сарайлар кирет.
Шайлоочулардын саны: 625.
№5 Орто-Саз шайлоо округу (УШК №4036), мандаттын саны 3. Анын ичинен 1 мандат аялдар үчүн резерв
Дареги:Орто-Саз айылы К.Кудайбергенов көч. Н/Ж.
Борбору: Ж.Саламатов атындагы орто мектеби
Чек арасы: Орто-Саз айылы Кадыркул Кудайбергенов, Алымкул Жунусов, Турдакун Белеков, Зарлык Мамыров, Ыскак Жумаев, Жайлообай Тулекеев, Коколой Ботояров көчөлөрү толук кирет.
Шайлоочулардын саны: 513.
2. Бул чечим Нарын аймактык шайлоо комиссиясына бекитүү үчүн жиберилсин.
Төрага | М. Өмүрбеков |