Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 28-ноябры №7
Ак-Терек айылындагы “Тополек” балдар лагеринин жер аянтын коруу иштерин аткарууну дем берүүчү грант аркылуу ишке ашырууга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен өздүк салым каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Ак-Терек айылындагы “Тополек” балдар лагеринин жер аянтын коруу, инфраструктурасын жакшыртуу иштерин аткарууну дем берүүчү грант аркылуу ишке ашырууга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен өздүк салым каражатын бөлүп берүүмаксатында Жаргылчак жергиликтүү кенеши токтом кылат:
1. Ак-Терек айылындагы “Тополек” балдар лагеринин жер аянтын коруу, инфраструктурасын жакшыртуу иштерин аткаруу үчүн айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинен өздүк салым үчүн 5 000 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын бөлүп каржылоого макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.
Төрага Т.Баякунов