Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылынын 28-ноябры №8
Кичи-Жаргылчак айылындагы Т.Мурзабеков атындагы мектебинин имаратынын сыртына оңдоо иштерин аткарууну дем берүүчү грант аркылуу ишке ашырууга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен өздүк салым каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кичи-Жаргылчак айылындагы Т.Мурзабеков атындагы мектебинин имаратынын сыртына оңдоо иштерин аткарууну дем берүүчү грант аркылуу ишке ашырууга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен өздүк салым каражатын бөлүп берүүмаксатында Жаргылчак жергиликтүү кенеши токтом кылат:
1. Кичи-Жаргылчак айылындагы Т.Мурзабеков мектебинин имаратынын сыртына оңдоо иштерин аткаруу үчүн айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинен өздүк салым үчүн 1 451 707 сом өлчөмүндөгү акча каражатын бөлүп каржылоого макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.
Төрага Т.Баякунов