Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТТАРЫНЫН XXVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫнын кезектүү XXVI CЕССИЯСЫ
2024-жылдын 30-августундагы № 26/2
Чет-Нура айыл аймагынын мектепке чейинки билим берүү мекемелерине барган балдардын ысык тамагына төлөнүүчү акча каражаты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы №179 “Билим берүү” мыйзамынын 26-беренесинин 7-пунктуна жана 47-беренесинин 8-пунктуна ьалдардын тамак-ашын каржылоо ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөрү) тарабынан жүргүзүү көрсөтүлгөндүктөн Чет-Нура айыл аймагынын мектепке чейинки билим берүү мекемелерин жалпы жетекчилеринин кайрылуусун карап жана талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы №179 “Билим берүү” мыйзамынын 26-беренесинин 7-пунктуна жана 47-беренесинин 8-пунктуна ьалдардын тамак-ашын каржылоо ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөрү) тарабынан жүргүзүү көрсөтүлгөндүктөн Чет-Нура айыл аймагынын мектепке чейинки билим берүү мекемелерин жалпы жетекчилеринин кайрылуусу канааттандырылып ар балага тамак-ашына болгон төлөмү 1000 сом болуп бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну Чет-Нура айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилерине жана Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтерине тапшырылсын.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго милдеттендирилсин.
Төрага | М. Өмүрбеков |