Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылынын 28-ноябры №9
Даркан айылындагы айыл өкмөтүнүн имаратына кошумча курулуш иштерин аткарууну дем берүүчү грант аркылуу ишке ашырууга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен өздүк салым каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Даркан айылындагы айыл өкмөтүнүн имаратына кошумча курулуш иштерин аткарууну дем берүүчү грант аркылуу ишке ашырууга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен өздүк салым каражатын бөлүп берүүмаксатында Жаргылчак жергиликтүү кенеши токтом кылат:
1. Даркан айылындагы айыл өкмөтүнүн имаратына кошумча курулуш иштерин аткаруу үчүн айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинен өздүк салым үчүн 5 000 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын бөлүп каржылоого макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.
Төрага Т.Баякунов