Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 30-декабры №10
«Жаргылчак жергиликтүү кеңешинин» регламентин бекитүү
жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыккан жергиликтүү кеңештин типтүү регламенти менен таанышып, талкуулап жергиликтүү кеңеш токтом кылат:
1. Жаргылчак жергиликтүү кеңешинин Регламенти бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңеш өз ишмердигинде ушул регламентти жетекчиликке алсын.
3. Жергиликтүү кеңештин регламентин Юстиция башкармалыгынан ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү боюнча иш жүргүзүү жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага Т.К.Баякунов