Редакцияот 30.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА  АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТТАРЫНЫН XXVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫнын кезектүү XXVI CЕССИЯСЫ

2024-жылдын 30-августундагы № 26/5

Чет-Нура айыл аймагынын калкы үчүн ичүүчү таза сууну керектөөнүн нормаларын бекитүү жөнүндө

 

          Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы “Борборлоштурулган ичүүчү таза суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоо тартибин бекитүү” жөнүндө №320 токтомуна ылайык Чет-Нура айыл өкмөтүнүн алдындагы “Үч-Нура таза аймак” муниципалдык ишканасынын кайрылуусун карап жана талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү  XXVI  сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Чет-Нура айыл аймагынын айылдарында ичүүчү таза суу менен камсыз кылууну өнүктүрүү программасы жана санитария үчүн ичүүчү таза менен жабдууну борборлоштурулган тутумуна туташтырылган канализациясы жок ичүүчү таза суунун нормасы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.     Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну Чет-Нура айыл өкмөтүнүн алдындагы “Үч-Нура таза аймак” муниципалдык ишканасынын директору К.Молдогазиевге тапшырылсын.

3.     Токтомду көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага

М. Өмүрбеков