Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 15-январы № 11
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айыл аймагында жайгашкан жер участогун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айыл аймагында газоблок чыгаруу боюнча завод куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 12-пунктуна, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 30-июлундагы № 01-12/816 корутундусун жана Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 29-июлундагы № 25 токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айыл аймагында № 1 контурда жайгашкан, мамлекеттик менчикте турган жалпы аянты 5,0 га кайрак айдоо жер участогу газоблок чыгаруу боюнча завод куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) бул токтомдун 1 -пунктунда көрсөтүлгөн жер участогунун аянтын калыбына келтирүүнү, асылдуулугу төмөн жерлерге талдоо жүргүзүүнү жана аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүүнү;
2) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
3) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун максаттуу пайдаланууну;
4) жогоруда көрсөтүлгөн жер участогунун шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
5) жер участогунун менчик ээсинин эсебинен аймактын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык өнүгүшүн уюштурууну;
6) көрсөтүлгөн жер участогунда тарыхый-маданий мурас объекттерин күтүүнү жана коргоону, казуу жана курулуш иштерин жүргүзүүдө археологиялык көзөмөл жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык адис-археологду тартууну;
7) көрсөтүлгөн жер участогунда тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аларды сактоону;
8) пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда көрсөтүлгөн жер участогун Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык баштапкы абалына келтирүү менен алып коюуну;
9) Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайдасынын ордун толтуруунун наркынын суммасын төлөөнү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыялаган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |