Загрузка документа…
ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 29-ноябры №5
Элдик курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынга делегаттарды көрсөтүү жана өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Элдик Курултай жөнүндө”Мыйзамынын,КРнын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы №271 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгынын,КРнын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 61-беренесине ылайык, Исхак-Полотхан айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Өкүлчүлүктүү жыйындын делегаттарынын Исхак-Полотхан айыл аймагы боюнча жалпы саны 150 адам деп белгиленсин.
2. Өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы 1-тиркемеге ылайык 22 адам деп бекитилсин.
3. Өкүлчүлүктүү жыйынга делегаттарды шайлоо боюнча Исхак-Полотхан айыл аймагы 2-тиркемеге ылайык ченемдерге бөлүнсүн.
4. Өкүлчүлүктүү жыйынга делегаттарды шайлоо боюнча уюштуруу комитетинин календардык планында аныкталган мөөнөткө ылайык жарандардын жыйындарын жана чогулуштарын өткөрүү графиги жана алардан шайлануучу делегаттардын өкүлчүлүктүү нормалары 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Өкүлчүлүктүү жыйындын делегаттарын шайлоо боюнча ар бир жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүүгө жооптуу Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин депуттарынын тизмеси 4-тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Исхак-Полотхан айыл өкмөтү өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучуларды шайлоо боюнча коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындары жана чогулуштары өтө турган күн,убакыт жана жай жөнүндө массалык маалымат каражаттары,соцтармактарда жана башка булактар аркылуу жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн кабардар кылсын.
7. Жыйындар жана чогулуштар өтүүчү жайды аныктап, тиешелүү техникалык жабдыктар менен камсыздоо Исхак-Полотхан айыл өкмөтүно милдеттендирилсин.
8. Өкүлчүлүктүү жыйын 2024-жылдын 7-декабрында саат 11-00 дө Жеңиш айылындагы Маданият үйүндөгү жыйындар залында өткөрүлсүн.
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
| Г.Матажиев |
Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин 29.11.2024-жылдагы биринчи уюштуруу сессиясынын №5 токтомуна №1 тиркеме.
Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарын, жана Элдик курултайга делегаттарды шайлоону уюштуруу тобунун курамы
Төрага: Матажиев Г.К. –айылдык кеңештин төрагасы;
Катчы: Арапова А.-айылдык кеңештин жооптуу катчысы;
Мучөлөрү :
Сабыржанова М. -Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн башкы адиси;
Пазылжан кызы П.: Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн адиси;
Абдусамат уулу А. Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн башкы адиси;
Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин
29.11.2024-жылдагы биринчи уюштуруу
сессиясынын №5 токтомуна 2-тиркеме
Өкүлчүлүктүү жыйынга делегаттарды шайлоо боюнча Исхак-Полотхан айыл аймагынын ченемдерге бөлүү.
№ | Айылдардын аталышы | Калкынын саны |
1 | Жеңиш | 6562 |
2 | Баймаала | 270 |
3 | Гүлдүрөмө | 985 |
4 | Жаңы-Айыл | 991 |
5 | Жошук | 1474 |
6 | Ирилеш | 3134 |
7 | Көк-Тал | 1183 |
8 | Курулуш | 342 |
9 | Ак-Өргө | 2566 |
10 | Таш-Дөбө | 1104 |
11 | Ынтымак | 1343 |
12 | Чекелик | 1759 |
13 | Шады | 631 |
Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин 29.11.2024-жылдагы биринчи уюштуруу сессиясынын №5 токтомуна 3- тиркеме
Исхак-Полотхан айыл аймагынын жергиликтүү жаматтарынын өкүлчүлүктүү жыйынына | ||||||
катышуучулардын бөлүштүрүлүшү, айылдарда жыйындарды өткөрүү графиги | ||||||
| ||||||
|
|
|
|
| ||
"№ | Айылдардын аталышы | Кожолук саны | Калктын саны | Шайлануучу өкүлдөрдүн саны | Жыйындарды өткөрүү датасы | Жыйындарды өткөрүүгө жооптулар |
|
|
|
|
|
|
|
1 | Жеңиш | 1365 | 6562 | 44 | 04.12.2024-ж. саат 10:00 | А.Кенжабаев Ш.Гайипов М.Камилова |
2 | Баймаала | 56 | 270 | 2 | 04.12.2024-ж. саат 12:00 | А.Кенжабаев Т. Матмусаева У.Нажмиддинов |
3 | Гүлдүрөмө | 207 | 985 | 7 | 04.12.2024-ж. Саат 15:00 | А.Кенжабаев Жороев И. Мамаюсупова Д. |
4 | Жаңы-Айыл | 193 | 991 | 6 | 04.12.2024-ж. саат 10-00 | Д.Исаков А.Мурзахматов С.Шакирова |
5 | Жошук | 280 | 1474 | 10 | 04.12.2024-ж. саат 13:00 | Д.Исаков Абдурасулов.Т |
6 | Ирилеш | 630 | 3134 | 21 | 04.12.2024-ж. саат 10-00 | А.Кенжабаев Каймуратова А. А.Арапов |
7 | Көк Тал | 221 | 1183 | 8 | 05.12.2024-ж. саат 15-00
| Д.Исаков Турдукулова А. Исакова З. |
8 | Курулуш | 60 | 342 | 3 | 05.12.2024-ж. саат 10-00 | Осмонов К. Таабалдиев Н. Юсупова С. |
9 | Ак-Өргө | 512 | 2566 | 17 | 05.12.2024-ж. саат 10-00 | Бадалов Ш. Жунусалиев К. Бакирова А. |
10 | Таш-Дөбө | 229 | 1104 | 7 | 05.12.2024-ж. саат 12-00 | Мамаюсупова Д. А.Орозбаев |
11 | Ынтымак | 265 | 1343 | 9 | 05.12.2024-ж. саат 12-00 | Осмонов К. Өтөнов С. Исакова Зебиниса |
12 | Чекелик | 381 | 1759 | 12 | 05.12.2024-ж. саат 10-00
| Д.Исаков Өтөнов С. Бекиев Ы. |
13 | Шады | 122 | 631 | 4 | 05.12.2024-ж. саат 10-00
| А.Кенжабаев М.Мансурова. |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин
29.11.2024-жылдагы биринчи уютуруу
сессиясынын №5токтомуна 4-тиркеме
Өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларын шайлоо боюнча коомдоштуктун өкүлчүлүктүүжыйындардын жана чогулуштарды өткөрүүгө жооптуу Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин депуттарынын тизмеси.
Айылдык кеңештин төрагасы Матажиев Г.К.
Мүчөлөрү
Гайипов Ш. –айылдык кеңештин депутаты;
-Камилова М. –айылдык кеңештин депутаты;
-Матмусаева М. –айылдык кеңештин депутаты;
-Нажмиддинов У. –айылдык кеңештин депутаты;
-Жороев И. –айылдык кеңештин депутаты;
-Мамаюсупова Д. –айылдык кеңештин депутаты;
-Мурзахматов А. –айылдык кеңештин депутаты;
-Шакирова С.- -айылдык кеңештин депутаты
-Абдурасулов Т. -. айылдык кеңештин депутаты
-Каймуратова А.- айылдык кеңештин депутаты;
-Арапов А - айылдык кеңештин депутаты;
-Турдукулова А.- айылдык кеңештин депутаты;
-Таабалдиев Н.- айылдык кеңештин депутаты;
-Юсупова С.- айылдык кеңештин депутаты;
-Жунусалиев К.- айылдык кеңештин депутаты;
-Бакирова А.- айылдык кеңештин депутаты;
-Өтөнов С.- айылдык кеңештин депутаты;
-Орозбаев А.- айылдык кеңештин депутаты;
-Исакова З.- айылдык кеңештин депутаты;
-Мансурова М.- айылдык кеңештин депутаты;
-Бекиев Ы.- айылдык кеңештин депутаты;