Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 17-январы № 22
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 11-мартындагы № 125 "Кыргыз
Республикасынын Салык кодексинин
67, 330-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар
жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык кошумча нарк салыгын кайтарып берүү тартибин регламенттөө максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 330-беренесин, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 67, 330-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык кошумча нарк салыгын кайтарып берүү тартиби жана шарттары жөнүндө жободо:
- 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16. Эсепке ырастоочу документтер катары өкүлчүлүктүн (уюмдун) башчысынын мөөрү жана колу менен күбөлөндүрүлгөн, төмөнкүлөрдү камтыган көчүрмөлөр тиркелет:
1) расмий пайдалануу үчүн товарларды (жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү) жеткирүүдө:
- товарларды (жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү) жеткирүүгө келишим же акт;
- эсеп-фактура;
- төлөм тапшырмасы;
2) жеке пайдалануу үчүн товарларды (жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү) жеткирүүдө:
- эсеп-фактура жана/же КНС төлөөчүнүн аталышы жана ИСНи, товардын аталышы, саны жана КНСтин суммасын белүп көрсөтүү менен наркы чагылдырылган товардык чеги менен контролдук-кассалык чек. Контролдук-кассалык чекте товардын аталышы, саны жана КНСтин суммасын бөлүп көрсөтүү менен наркы жок болгон учурда товардык чек берилет;
- "D", "С" жана "Т" категорияларындагы аккредитациялык карточкалар.".
2. Бул токтом расмий жapыяланган күндөн тapтып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 24-январындагы № 5 (3661) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |