Загрузка документа…
ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 24-декабры №7
“Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу тартиби тууралуу
жобону бекитүү жөнүндө.
Исхак-Полотхан айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү жобону карап чыгып, талкуулап айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Исхак-Полотхан айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы А. Араповага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Г.Матажиев |