Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 25-декабры № 800
"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык багыттагы борбору" мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу маселелери жөнүндө
Мамлекеттик ишканалардын ишин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык багыттагы борбору" мамлекеттик ишканасы ага "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Адистештирилген монтаждык-эксплуатациялык башкармалыгы" мамлекеттик ишканасын кошуу жолу менен кайра уюштурулсун.
2. "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык багыттагы борбору" мамлекеттик ишканасы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Адистештирилген монтаждык-эксплуатациялык башкармалыгы" мамлекеттик ишканасынын укуктарынын жана милдеттенмелеринин укук мураскери болуп саналат деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-декабрындагы № 711 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык багыттагы борбору" мамлекеттик ишканасы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык багыттагы борбору" мамлекеттик ишканасынын Уставында:
- 3, 8, 28, 29-пункттарында, 38-пункттун 2-пунктчасында, 62-пункттун экинчи абзацында ар кандай жөндөмөдөгү "Өкмөтү" деген сөз тиешелүү жөндөмөдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 36-пункттун 8-пунктчасында, 39-пункттун 8-пунктчасында, 40-пункттун 2-пунктчасында, 42-пунктта, 43-пункттун биринчи абзацында ар кандай жөндөмөдөгү "Премьер-министри" деген сөз тиешелүү жөндөмөдөгү "Министрлер Кабинетинин Төрагасы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 15-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 7-9-пунктчалар менен толукталсын:
"7) жол кыймылын уюштуруунун техникалык каражаттарын (светофор объекттерин, жол белгилерин) орнотуу, техникалык тейлөө жана күтүү аркылуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу;
8) белгиленген эрежелерге жана стандарттарга ылайык көчөлөрдүн өтүүчү бөлүгүнө горизонталдуу жана вертикалдуу жол чиймелерин түшүрүү, калыбына келтирүү жана өчүрүү боюнча иштерди аткаруу;
9) жол кыймылынын эрежелерин бузууларды фото жана кино тартуу, видео фиксациялоо функциясы бар аппараттык-программалык комплекстерди техникалык тейлөө.";
- 16-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 14-29-пунктчалар менен толукталсын:
"14) светофор объекттерин, жол кыймылын жөнгө салуу аппаратураларын, жол кыймылын жөнгө салуунун автоматташтырылган башкаруу системаларын, жол кыймылын уюштурууда колдонулуучу байланыш линияларын жана башка техникалык каражаттарды жана жабдууларды орнотуу, реконструкциялоо, монтаждоо, жөндөө, оңдоо;
15) бардык модификациялардагы жол белгилерин орнотуу, алмаштыруу жана калыбына келтирүү;
16) жөө жүрүүчүлөр үчүн тосмолорду орнотуу;
17) жол чиймелерин түшүрүү;
18) жол кыймылын жөнгө салуунун техникалык каражаттарын эксплуатациялоо;
19) жол белгилерин, тирөөчтөрдү, кронштейндерди жана башка даярдоолорду, түйүндөрдү, ошондой эле жол кыймылын уюштуруунун техникалык каражаттарын бекитүү үчүн тетиктерди жана жол кыймылын уюштурууда колдонулуучу башка техникалык буюмдарды жасоо;
20) светофор объекттерин башкаруу аппаратураларынын заманбап системасын киргизүү жана аларды жөнгө салуу;
21) жол кыймылын жөнгө салуунун техникалык каражаттарын киргизүүнүн жылдык жана келечектүү пландарын иштеп чыгууга катышуу, керектүү материалдарга жана жабдууларга муктаждыкты аныктоо;
22) жөнгө салуунун техникалык каражаттарын эксплуатациялоо боюнча аткарылган жумуштардын мезгилдүүлүгүн (тизмегин) жыл сайын аныктоо;
23) жол кыймылын жөнгө салуунун эксплуатациялоодо турган техникалык каражаттарына техникалык документтерди жүргүзүү жана аларды эсепке алуу;
24) жеткирүүчүлөрдөн материалдарды жана жөнгө салуунун техникалык каражаттарын алуу, аларды эсепке алуу жана сактоо, алардын багыты боюнча гана пайдаланылышын контролдоо;
25) жөнгө салуу каражаттарын долбоорлоого тапшырмаларды даярдоо, долбоорлорду макулдашуу жапа долбоордук документтерди кабыл алуу;
26) жөнгө салуунун техникалык каражаттарынын курулушу жана оңдоо иштери аяктаган объекттерин заказчыга көрсөтүү;
27) бухгалтердик, ыкчам жана статистикалык эсепке алууну уюштуруу жана жүргүзүү, кассалык операцияларды жүргүзүү, эмгек акыны белгиленген тартипте эсептөө жана төлөө;
28) жол кыймылынын коопсуздугу, автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын куруу, реконструкциялоо, куруу технологиясы жаатында илимий-изилдөө, тажрыйбалык-конструктордук жана башка иштерди жүргүзүү;
29) жол кыймылынын эрежелерин бузууларды фото жана кино тартуу, видео фиксациялоо функциясы бар аппараттык-программалык комплекстерди техникалык тейлөө.";
- 51-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"51. Ишканада директордун эки орун басарынын кызмат орундары каралган. Ишкананын директорунун орун басарлары Ишкананын директорунун сунуштамасы боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.";
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-ноябрындагы № 734 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишин уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункттун үчүнчү абзацы, 2-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 247 "Кыргыз Республикасында коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо иштерин уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун 2-пунктчасы;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 17-мартындагы № 99 "Ички иштер министрлигинин ишин уюштуруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.
6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
1) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн кайра уюштурулуучу юридикалык жактардын өткөрүп берүү актыларын бекитсин;
2) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн юридикалык жактарды юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоону жүргүзсүн;
3) ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 12-декабрындагы № 101 (3656) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме |
"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башкаруу СХЕМАСЫ