САВАЙ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Савай айылдык кеңешинин (VII-шайланган) депутаттарынын 2023-жылдын кезексиз сессиясынын
2023-жылдын 22-августундагы № 31
Республикалык бюджеттен Савай айыл өкмөтүнө социалдык-экономикалык жана инфроструктурасын өнүктүрүү фондунан түшкөн 12 000 000 сомду Савай айыл аймагына таза суу тартып келүүгө жана Кызыл-Шарк айылына асфальт төшөөгө иштетүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Савай айылдык округунун кезексиз сессиясында Республикалык бюджеттен Савай айыл өкмөтүнө социалдык-экономикалык жана инфроструктурасын өнүктүрүү фондунан түшкөн 12 000 000 сомду Савай айыл аймагына таза суу тартып келүү жана Кызыл-Шарк айылына асфальт төшөө сунушун карап чыгып Савай айылдык кеңешинин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Республикалык бюджеттен Савай айыл өкмөтүнө социалдык-экономикалык жана инфроструктурасын өнүктүрүү фондунан түшкөн 12 000 000 сом 70629 бөлүмүнүн 3111 беренесине 10,500 миң Савай айыл аймагына таза суу тартып келүүгө, Кызыл-Шарк айылына 1,500 миң сом асфльт төшөөгө жумшалсын.
2. Мыйзам чегинде иш алып баруу ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Б.Мамашов |