Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТТАРЫНЫН XXVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫнын кезектүү XXVI CЕССИЯСЫ
2024-жылдын 30-августундагы № 26/6
Чет-Нура айыл аймагынын Төш-Булак айылындагы башталгыч мектебинин коругун корууга жана кичи футболдук аянтча куруу долбоорун Нарын облустук “Теңир тоо” өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын Төш-Булак айылындагы башталгыч мектебинин коругун корууга жана кичи футболдук аянтча куруу долбоорун Нарын облустук “Теңир тоо” өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө Төш-Булак башталгыч мектебинин директору А.Султанакуновдун баяндамасын угуп жана кайрылуусун карап, талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагынын Төш-Булак айылындагы башталгыч мектебинин 1 га жер аянтынын коругун корууга 1 млн 842 миң 58 сомго жана кичи футболдук аянтча куруу үчүн 3 млн 369 миң 13 сомго даярдалган долбоорлор Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан жактырылып Нарын облустук “Теңир тоо” өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Төш-Булак башталгыч мектебинин директору А.Султанакуновго тапшырылсын.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго милдеттендирилсин.
Төрага | М. Өмүрбеков |