Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТТАРЫНЫН XXVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫнын кезектүү XXVI CЕССИЯСЫ
2024-жылдын 30-августундагы № 26/7
Чет-Нура айыл аймагынын Орто-Нура айылындагы маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн дем берүүчү грантка жергиликтүү бюджеттен өздүк салым бөлүп берүү жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын Орто-Нура айылындагы маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн дем берүүчү грантка жергиликтүү бюджеттен өздүк салым бөлүп берүү жөнүндө башкы бухгалтердин баяндамасын угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин дем берүүчү грантына даярдалган Чет-Нура айыл аймагынын Орто-Нура айылындагы маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүү долбоору жактырылсын.
2. Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында 2025-жылдагы жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары 1 908 064 (бир миллион тогуз жүз сегиз миң алтымыш төрт) сом акча каражаты пландалып каржылансын жана үлүштүк дем берүүчү гранттан 5 000 000 (Беш миллион) сом акча каражатына долбоор сунушталсын.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүү жооптуу катчы Султанбек уулу Эсенге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго, аткарылышын Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери С.Сыдыковага тапшырылсын.
Төрага | М. Өмүрбеков |